Домой Коом Бакиевдин небереси Петров деп фамилиясынын өзгөртүп, ири бизнес компанияны жетектейт

Бакиевдин небереси Петров деп фамилиясынын өзгөртүп, ири бизнес компанияны жетектейт

55

Курманбек Бакиевдин небереси, Марат Бакиевдин уулу Руслан Бакиев Беларуссияда Петров фамилиясын алып жүрөт жана ал жакта ири бизнес менен алектенип жатканын  Беларуссиянын Naviny.by басылмасы ачыктады. Маалыматта: «  25 жаштагы Руслан Петров Минск шаарындагы көп функционалдуу “Центрополь” курулуш компаниясынын 75 пайызына ээлик кылат. «Centropol» шаардын борборунда жайгашкан жана анын ачылышы 2020-жылга пландаштырылган. Анда казино, медицина, балдардын көңүл ачуучу борборлору, бутиктер, барлар жана ресторандар, жайкы кафелер болот. Долбоорго салынган инвестициянын көлөмү 80 миллион долларга бааланган. Ал компаниянын 75 пайызы Русланга таандык», — деп  айтылат.   Руслан Петров менен Руслан Бакиев бир эле адам деген божомолдоо Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүндөгү небереси менен салыштырылган. Анда эки Русландын чындыгында эле куюп койгондой окшоштугу байкалат. Андан сырткары, Руслан Бакиев 2010-жылы БГУ университинин «дүйнөлүк экономика» факультетине окууга тапшырган, бир жылдан соң ушул эле факультетте Руслан Петров Маратович окуп жатканы аныкталган. Naviny.by басылмасынын журналисттери Руслан Петров менен байланышууга аракет кылышкан, бирок кол алдындагылар аркылуу ал Центрополь комплексинин курулушуна эч кандай тиешеси жок экендигин билдирген. Маалыматта жазылгандай, анын атасы Марат Бакиев «Центрополь» долбооруна катышкан.