Домой Дүйнөдө Беларус президенти Лукашенкодон санкция алынды

Беларус президенти Лукашенкодон санкция алынды

69

 

Александр Лукашенко

Евробиримдик Беларус президенти Лукашенкого каршы колдонулчу санкциясын алып салды. Аны менен бирге белорустардын 170 чиновнигинен да санкция алынды. Анткени, Лукашенко Евробиримдикке жаккан төмөндөгүдөй иштерди жасаган экен: беларус түрмөлөрүндөгү саясий маани менен камакта жаткандарды бошоткон; Украина маселесинде аларга тартып, Донбасс менен Луганск «мамлекеттерин» тааныбай турат; Россиянын Крымды каратып алуусун колдогон эмес; Украина товарларынын Беларусияга киришине тоскоол кылган эмес; орустар менен түрктөрдүн кагылышында орус тарапты бир жактуу колдогон жок ж.б. Орустар болсо, «бир тууган» республикага дотация, жеңилдиктер, кредиттер ж.б. менен 20 жыл ичинде 100 миллиард доллар коротуптур. Эми орустар беларустарга жөн жерден жардам бериштин зарылдыгы жок деген пикирге келе баштады деген кабар бар…