Белоруссиянын президенти ноябрдан тарта расмий түрдө мамлекет башчы деп эсептелбеши керек.
Бул туурасында Европарламенттин депутаттары билдиришкендигин Рейтер агенттиги маалымдады. Эске салсак, 5-ноябрда Александр Лукашенконун бешинчи мөөнөттөгү бийлик укуктары аяктайт, ушул күндөн тарта Европарламент аны президент катары тааныбайт. Анын акыркы ант берүү аземи 2015-жылдын 5-ноябрында өткөн. А.Лукашенко үстүбүздөгү жылдын 9-августунда президенттик кызматка алтынчы ирет шайланган.