Домой Саясат Бакиев менен Текебаевдин кызыкчылыгы кайсыл жерден бирикти?

Бакиев менен Текебаевдин кызыкчылыгы кайсыл жерден бирикти?

100

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев чейрек кылымдан ашуун убакыт кашыктап чогулткан кадыр-баркын акыркы 1-2 жылдан бери чөмүчтөп төгө баштады.

Курманбек Бакиев

Өзгөчө акыркы бир нече айдан бери чакалап эле төккөнгө өттү. Ал өзүнүн саясый кызыкчылыгы үчүн ыңгайы келсе, ким менен болсо да биригүүгө даяр экенине элибиздин көзү жетти. Балким айтылуу фашист Гитлер бүгүнкү заманга туура келсе, аны менен деле биригип кетмек болуш керек.

Санап берелиби? Өзү бир убакта «Бакиевдин куйруктары» деп атап, аларды тазалаш керек экендигин билдирип жүрүп эле, 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында Ош шаарынын экс-кожоюну Мелис Мырзакматовдун партиясы менен баш кошо калганын кантип унуталы? Мунусун бир дейли. Анан өткөн жылдын акыркы айында болуп өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында ал өз партиясы Бишкек шаардык кеңешине катышпай турганын жана ал Бакыт Төрөбаев төрагалык кылган «Өнүгүү-Прогресс» партиясын колдой турганын билдирип чыкты. Болбосо, ага чейин Бакыт мырзаны ал «Бакиевдин малайы» деп атап келген эле.

Мына ушул эки «биригүүнүн» сыры тереңде жаткан тура. Көрсө, Чиркеш аксакалдын уулу акырындык менен Бакиевдердин өзүнө жакындап жаткандагы кербези болчу турбайбы?

2010-жылдын 7-апрелинде адилеттик жана акыйкаттык издеп, «ушул президентти биз шайладык эле, балким үнүбүздү угаар» деген үмүт менен Ак үйдүн алдына келген өз элине ок чыгарып, 90го чукул мекендештерибиздин өмүрүн кыйып, жүздөгөн мекендештерибизди өмүр бою майып кылган канкор Курманбек Бакиев жакында эле «Азаттык» радиосунун белорус кызматына адатынча актанган маегин бериптир. Анда ал:«Менин Минскиге келип калышыма себепкерлердин бири – бул ошол кездеги АКШ президенти Барак Обама» дегенин кантебиз? Кыязы, ал «ушинтип айтсам, кадыр-баркым артат» деп жаткандагысы го? Муну уккан Обама «бул Бакиев жеткен жалганчы го» деп жакасын карманып жаткандыр.

Андан соң ал Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко аны өзү чакырып алганын саймедирейт. Анын бул багытта айтканын орус тилинде өзгөртүүсүз мисалга тарталы:«Его буквально первые слова: «Курманбек, ты еще живой?» Второй вопрос был у него: «А ты комаров не сильно боишься?» Я подумал, что он шутит, мне тут не до шуток. Я говорю: «Да нет, я же долго жил на Волге в России, там комаров слава богу». Потом он сказал: «А как ты смотришь, если я тебя заберу?» Я сразу согласился».

Албетте, анын «сразу» макул болбоско аргасы жок эле да. Ошентип ал бүгүнкү күнгө чейин Минскинин токоюнда чымын-чиркейге таланып, анысын кечинде жаш токолунун койнуна киргенде унутуп калып, жашоосуна корстон болуп жүргөндөгү кербези. Бирок, бир гана жагдай түшүнүксүз болуп туру. Ал бул жолу «Азаттык» аркылуу Өмүрбек Текебаев 1 млн доллар пара алууга шектелип камакка алынганда үн катып жатканы таң калычтуу.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары, анын ичинде түркиялык абройлуу басылмалар жазгандай, «Өмүрбек Текебаев Кипрдеги сапарында Курманбек Бакиевге жолуккан» маалыматы эске түшөт. Ал маалыматтарда Текебаев жазгы саясый сезонду ачып, өлкөдө баш-аламандык уюштуруш үчүн Бакиевден акча каражатын сурагандыгы айтылган. Анан минтип көп өтпөй эле Курманбек Бакиев «тирилип», «Азаттык» аркылуу үн катып жатпайбы? Мына ушинтип саясый кызыкчылыктар үчүн канкор Бакиев менен байланышып жаткан Текебаевде абийир барбы деген суроо туулат. Ал эми буга чейин өзүн тынымсыз шыбап келаткан Текебаевди Бакиевдин колдоп жатканынын себеби эмнеде экендигин айттырбай түшүнсөк болот. Анын үстүнө Бакиевдин Тейиттеги үйүн өрттөгөн да «атамекенчилер» болгонун жалпыбыз билет эмеспизби.

Дагы бир жагдайды эске алалы. «Азаттык» радиосу акыркы жылдарда бийликти бир тараптуу гана шыбоого өткөнү белгилүү. Бул маалымат булагы кайсы бир саясый күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө да кооптонуу жаратууга даяр экендигин көрсөтүп келатат. Демократияны туу тутунган АКШдан каржыланган «Азаттыктын» мындай тымызын аракетине алардын каржылоочулары качан олуттуу көңүл бураары белгисиз.