Кыргыз Республикасынын
Президенттигине талапкер
Турсунбек Акундун
Кыргызстандын коомчулугуна Жана массалык маалымат
Каражаттары үчүн саясий
БИЛДИРүүсү
Урматтуу Кыргызстандын жарандары! Урматтуу кыргыз коомчулугу! Мен Кыргызстан Демократиялык Кыймылы жана «Адам укугу «саясий партиясы колдогон талапкер катары алдыдагы боло турган Президенттик шайлоодо азыркы Президент Алмазбек Атамбаевдин саясий курсун ачык колдоону чечтим. Анын курсун колдоо дегендик — бул «Президент колдогон талапкерди алдыдагы шайлоодо Президент болуп шайланышы үчүн бардык күчтөрдү жумшайбыз» дегенди билдирет.
КДКнын жана мени колдогон саясий партиянын курултайлары өзүм өтпөй баратсам же талапкерлигим алынып салынса мага кайсыл партияга кошулууга жана кайсыл талапкерди колдоо тууралуу чечим кабыл алуу үчүн атайын ыйгарым укук берген эле. Мен мына ушул укугумдан пайдаланып ушундай билдирүү менен чыгып жатам.
Бирок Президенттин курсун колдоо менен бирге азыркы Президент Атамбаевден жана болочоктогу шайлануучу Президенттен өтүнүч кылып камакта жаткан саясатчыларга кечирим берилип, эркиндикке чыгаруусун жана өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн башын бириктирип, суйлөшүү аянтчасын түзүүнү суранам.
Мен эмне учун башка талапкерлерге караганда Атамбаевдин курсун жана ал көрсөткөн талапкерди колдоону чечтим?
Анткени демократия жолунда мен укук коргоочу катары чейрек кылымдан ашык убакыттан бери АлмазбекАтамбаев жана Өмүрбек Текебаев менен кыйын жолдорду басып чогуу келдим. Аларда менин басып өткөн татаал жолумду баалашат-деп ойлойм. Аты аталган эки лидердин өлкөдөгү демократияны куруу дагы зор эмгектерин белгилебей кое албайбыз. Экөө тен өтө татаал жолдорду басып, өлкөдөгү эн алгачкы партияларды тузуп, Президент жана депутат болушуп элдин ишенимине татыды. Бирок эки лидердин ортосунда болгон өз-ара конфликт мени эле эмес коомчулукту да бушайманга салды.
Мен укук коргоочу жана Баткендеги боевиктер менен армиянын ортосуна тушкон элдик дипломат катары эки лидердин ортосуна түшүп, элдештирүгө көп күчүмдү жумшаганыма коомчулук кубө. Бирок мен өкүнгөн нерсе эки лидер тен элдешүүгө келе алышпады.
Экөө тен өз позицияларын бербеген көк жалдар катары эки жолго түшкөнү маалым. Акыры Текебаев камалып Президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү болбоду. Атамбаев мөөнөтү бүтүп жаткандыктан өзүнүн талапкерин партиясы аркылуу көргөзүп, мыйзамды сыйлап кызматын өткөрүп берип жатат. Ошондуктан кээ бир позицияларым Атамбаев менен туура келбесе дагы андан башка көрүнүктүү жана ишенимдүүлүттүк денгээлдеги лидер болбогондуктан Атамбаев Президентикке көрсөткөн талапкерди колдоону чечтим.
Мен сыйлаган эки лидердин бириси камакта жатса, жок дегенде кызматын өткөрүп жаткан экинчисинин көрсөткөн талапкерин колдоп коюу менин моралдык милдеттим деп эсептейм.
Анткени Президент Атамбаев өткөн 6 жылдын аралыгында улут учун көп ургалдуу иштердин башында туруп, өлкөдө бейпилдик сактап, башка өлкөлөр менен тен ата алака жүргүзүп, элдин жана өлкөнүн көптөгөн экономикалык муктаждыктарын чечип, башка Президенттерге салыштырмалуу өлко үчүн ак жолтой Президент боло алды.
Мен укук коргоочу жана коомдук ишмер катары алдыда боло турган Президенттик шайлоого катышуу үчүн «Кыргызстан Демократиялык Кыймылы» жана «Адам укугу» саясий партиясынын атынан көрсөтүлүп үч айлык өтө оор Президенттик марафонго катышып келдим. Ал үчүн саясий партиянын жана Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын Курултайларын жана Конференцияларын өткөрдүк. Кыргыз тили боюнча сынактан ийгиликтуу өттүк. Мыйзамда каралган 30 минден кем эмес мени колдогон жарандардын колун топтоп тапшырдык. Эми ошол «тапшырган колдор туура эмес болду» деген кине менен БШК менен соттошууга туура келип Жогорку сотто биздин иш каралуунун алдында турат. Сот кандай чечсе анын чечимине баш ийүүгө мыйзам милдеттендирет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын азыркы ишмердүүлүгүн кээ бир кемчиликтерине карабастан негизинен колдой турганымды билдирем. Алардын алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалайм. Мен жеке кызыкчылыгымдан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коем.
Мен талапкер болуп катталбасам дагы Кыргызстанда бейпилдик болуп Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен Президенттик шайлоону тынч өткөрүп, таза шайлоо өткөрүнүн регион боюнча улгусун көрсөтүшүбуз керек.
Сиздерди сыйлоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Президенттигине талапкер Турсунбек Акун