Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов жана анын командасы шайлоо жакындаган сайын жалган маалымат таратып, элди алдоону күчөттү. Бабановдун жер-жерлердеги жолугушуулары тууралуу апыртма кабарлар ММК аркылуу чагылдырып, аны менен менен таанышкандар жакаларын кармап гана ооздору ачылууда.
Маселен, Ноокат районунун Көк-Жар кыштагындагы Бабановдун жолугушуусуна анын пиарчылары 10 миңден ашуун эл катышты деп маалымат таратты. Көк-Жар айылында бешиктеги балдарды кошуп эсептегенде 3 миңге жетпеген калк бар. Башка айылдардан элди чогултканда деле шайлоочулардын саны 3 миңден ашарына көзүбүз жетпей турат. Анын үстүнө жолугушуу учурунда тартылган сүрөттөгү элдин топтолушу 2-3 миңди гана көрсөтүүдө.
Биздин ошол иш-чарага катышкан кабарчыбыздын маалыматы боюнча Өмүрбек мырзаны коштоп барган артисттердин, тагырагы, Мирбек Атабековдун ырын угууга 3 миңге жетпеген адам келген. Анын 70 пайызын шайлоого жашы жетпеген окуучулар түзүптүр. Жаштар Бабановду башына урат беле, эстрада жылдыздарынын ырын укса, алар менен сүрөткө түшсө болду да.
Эми ажо болом деп жаткан адамдын калп айтып, жалпы элди алдап жатканы акылга сыйбаган көрүнүш. Өзүн, элин сыйлаган адам курулай пиар үчүн эч качан мындайга барбайт.