Домой Саясат Бабановдун добуш сатып алуу аракети дагы бир ирет далилденди, чара көрүлөбү?

Бабановдун добуш сатып алуу аракети дагы бир ирет далилденди, чара көрүлөбү?

47

can woman take cialas. 21767677_1469352583120261_124993130_n

 

Парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого акчанын күчүнө таянуу менен катышып жатканын күн өткөн сайын далилдөөдө. Буга чейин анын адамдарынын 234 шайлоочуга 250 миң сом убадалаганын тастыктаган тасма интернетке жарыяланып кеткен. Бирок, тиешелүү укук коргоо органдары, БШК үн катып койгон жок.

14-сентябрда Өмүрбек Бабановдун добуш сатып алуу аракетин “Фейсбук” колдонуучусу Бакай Алмаз өз баракчасына жарыялады. Анын айтымында, үй башчысы (домком) келип Бабановду 1000 сомдон шайлап жатабыз, силер да кошулгула деп үндөгөн. “Домком келип 1000 сомдон Бабановду шайлап жатабыз деп «соодалашып» жүрөт. 16 үйдөн жок дегенде 30 шайлоочу чыкса, Токтогуловичтин капчыгынан 30 миң сом кетет экен. Шайлоо жөнүндө ооз ачпайын дегем, бирок, Өмүрбек Токтогулович, сунуштаган тыйыныңыз мен үчүн аз”, — дейт Бакай Алмаз.

Мыйзам боюнча добуш сатып алуу чоң кылмыш. Талапкер, ошондой эле алардын жакын туугандары, ишенимдүү адамдары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алгандар эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүнөн үч миң өлчөмүнө чейин айып салуу же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.

Президенттик шайлоо кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү иш-чара. Муну менен өлкөнүн алты жылдык тагдыры чечилгени турат. Эгер шайлоо таза өтсүн, добуш берүү акыйкат жүрсүн десек Бабановдун бул аракетине укуктук баа берилиши керек. Антпесек анын буга чейинки жоруктарына тиш кайрап жүргөн жарандардын чоң нааразычылыгын жаратып алабыз. Тиешелүү органдардын кадамдарын күтөбүз.