Өмүрбек Текебаевдин камалышы биздин чакан мамлекеттеги башкы жаңылык болуп, азыр элдир эси бардын баары ошонун кебинде тушалып турат.
Күнөө мында, күнөө тигинде деп азыр айтууга эрте, андыктан ал бааны кийинкиге калтырып, бир нерсенин айтып коёлу дедик.
Турмуш чындыгы ушундай: кайсы бир адамды «күнөөлүү эмес, таза» деп колдоп аракет кылып жатасыңбы, биринчи иретте, сен өзүң таза бол, акактай таза болбосоң да ошол жагына ооп тур. Анан эл-журтка жек көрүнчү далай иштерди жасап, «шүмшүк» аталып калгандан кийин кайсы бир адамды коргоп сүйлөп турушуң, бери дегенде уят иш! Ошол неме тигини коргобой эле шылдыңдап, кордоп жаткандай сезилет.
Мына, эки күндөн бери Текебаевди колдогондор митингге катышып, телерадиодон сүйлөп, гезиттерге маек куруп жатат.
Ошолордун арасында Акаев убагында элдин далай мүлкүн менчиктеп алган чыгаан коррупционер Равшан Жээнбеков, Батукаевди качырышкан дегендердин тизмесиндеги, кай жерде чуу чыкса жетип барып бир нерсе деп калчу апенди сыпатындагы Турсунбек Акун, күйөөсү коррупционер, агасы менен өзү кылмышка шектүү деп жаткан Аида Салянова, элдин далай мүлкүн жеп-жуткан Каныбек Иманалиев, бул жагынан, тигил жакын калган Медеткан Шеримкулов, кечээ эле бийликте болгон «майлуу» кызматтарда иштеп, манчыркап, мансап күтүп жүргөн, эми кызматтан кеткен сон бийликке таарынгандай сүр көрөсөтүмүш болуп жаткан Элмира Ибримова сыяктуулар. Анткени, бул уят-сыйыт деген сезимдерин айдап отко салышкан! Булардын колдогонунан Кудай сактасын!
Баратбай Аракеев