Домой Саясат Турсунбек Акун, турчу нары, байболгур

Турсунбек Акун, турчу нары, байболгур

72

Турсунбек Акун

“Атың чыкпаса, жер өрттө” деген сөздү ураан тутуп жашап келаткан Турсунбек Акун деген неме качан болбосун, бийлик менен оппозициянын ортосуна куюшканга кыпчылган боктой эле кыпчылып келет. Ал эки күн мурун бийлик менен оппозициянын өкүлдөрүн чакырып, укмуш бир “уникалдуу” форум уюштурду эле, ага оппозициядан болгону “бетсиз” Бекназаров менен анда-санда чоочуп сүйлөй калчу Мукар Чолпонбаев жана аларга кошулуп, “устукандан” кур калчудай болуп Эркин Булекбаев да барды. Бийликтен болсо, Акундун досу Текебаевден башка киши басып келбеди. Кыязы, аны деле Акун акелеп-жакелеп жатып, эптеп ээрчитип келсе керек. Болбосо, аты бар, заты жок форумдар Текебаев теңине алчу жер эмес эле. Кыскасы, туурадан, капталдан, арттан, алдыдан чыга бергенди адатка айланткан Акун бийликтен бир устукан үмүт кылгансып, анан да түлкүнүн эркегиндей ары-бери чуркай бергенди токтотуп, эс алып эле жата берсе, эл да ага батасын берип, абдан сүйүнөт эле.