Домой Маданият Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 5-серия

Баратбай Аракеевдин «Периште жолу» романынан үзүндү. 5-серия

305

Периште жолу

Бир күнү Сыргак Астранын классында сабак өтүп жатып айтты:

— Балдар, кыздар, биз тарыхты жөн эле карандай сүйлөй бербей, ошол тарыхта айтылган жерлерди четинен өз көзүбүз менен көрө да жүрүшүбүз керек. Силер уктуңарбы же жокпу билбейм, айылыңардын тээтиги Чоң –Кокту деген жерине илгери Манас бабабыз түмөн аскери менен өрүү болуп кеткен экен. Ошол жерге барып бабабыз Манас баскан жерди биз да басып келели, ал кырк жигити менен олтуруп тамак ичкен жерге биз да олтуруп тамак ичип келели, кандай дейсиңер?

Мындайда окуучулар кандай дечү эле, тегизи менен ураалап жиберишти. Ошол куракта  тамак-ашыңды алып тоого чыгып келгенден артык жыргал жоктур!

Сыргак балдарды тоого чыгарып келейин деп деректирге айтты эле, ал каршылык кылган жок. Анын бир эле тилеги боло турган-ордун талашкан бирөө чыкпаса болду, калганын бөрү жесин…

Ошентип, демалыш күнү Астранын классы бири калбай тоого жөнөдү. Жаз эрте келип апрель аяктап калган кез. Жер-суунун баары кулпуруп барат, күн ысып турганы…Бу Чоң-Кокту деген жерге чейин жөө адамга айылдан эки  саатчалык жол. Килейген кокту. Эки жагы суйдаң, анан калыңдаган бадал, өйдөлөп барып калың карагайга айланат. Коктунун түбүндө майда булактардан суу агат, аларың чогулуп олтуруп өстөнгө айланат. Айылдын сугаты ошол суудан.

Бу онунчу класстагы жыйырма төрт окуучунун он сегизи кыз, калганы эркек балдар. Кыз көп жерде каада көп: олтурганга чакан одеалдар, дасторкон, тамактын түрү, стакан, кашык-табак, чоң, кичине күзгүлөр, тарактар… Күн түш болгондо  эки-үч дасторкон булак жанындагы түзөңгө салынып, үстү жайнай берди: нан, боорсок, ар түрдүү варенье, туздалган помидор, бадыраң, таттуунун түрү, каймак, май, картөшкө, жумуртка, эт, айнек менен желим бөтөлкөлөрдөгү суу, шире. Балдардын сумкаларында сыртка чыгарылбаган бөтөлкө винолор…

Кыска-кыска айтылган сөз, күлкү-тамаша… тамак жакшы желип жатат. Кыздардын көзү агайында, агайдын көзү Астра менен дагы бир татына кызда. Балдардын көзү кыздарда, айтор соо көз жок, бош көз жок, баары «кызматта». Аябай жакшы желген тамактан кийин экиден, үч-төрттөн болуп туш-тушка басышты, Манас бабасы баскан жер менен… Ушул Чоң-Коктуда  Манас өргүгөн деген маалымат эч жерде жок. Бирок, Манас баспаган да жер жок кыргыз жеринде деп айтылат эмеспи. Сыргак ошол мааниге таяп, жөн гана айтып койгон да. Окуучуларда болсо башкача бир сезим пайда болуп, ыйык жерде жүргөнсүп, «Манас» эпосундагы кээ бир үзүндүлөр эске келип дегендей, а балким, Манас бабасынын арбагы азыр өздөрүн коштоп жүргөндүр деген ыйык сындуу ой толгоп … Анан да бу Сыргак агайы көптөрүнө Манастагы «атка жеңил тайга чак чыканактай эр Сыргак» болуп элестелип, сезилип… жок, жок сезимдер алоолоп, ыйык тарта демиктирип да турган! Балакет баскан кээ бир балдардын  көөнүндө  илгеркилер уялбай эле таштап кеткен «сенин көөнүң ышкында, менин көөнүм ычкырда» болуп, айла издеп, амал издеп көңүл чимирик…. Кээ кыздардын көңүлү да оңой эмес жерде. Окуучулары антип жатса, агайынын көңүлү кайра-кайра ошол тарапта да. Бирөөнү эмес, экөөнү мээлеп атат: бири-Астра, экинчиси Назира. Экөө биринен-бири сулуу деген укукту талашкандай, сулуу дагы, мүчөлөрү да келишкен, бөтөнчө ичке белге уланган бараандуу жамбаштары, эти толо балтырлары, футболкаларын айрып жиберчүдөй болгон төштөрүчү…

Эки кыз тең агайынан алыстабай айланчыктайт. Дагы үч-төрт кыз бар эле агайына көз салган, алар четтеди, тигил экөөнө тең келбесин, алардан агайы артбасын жазбай билишти.

Агайы менен эки кыз карагай аралашты. Көп кылым мурун Манастын кошууну да ушинтип аралаган чыгар. А балким Каныкей да кошо жүргөндүр. Муну кыздардын бири ойлоп койду.

Эки кыз алдыда, агайы артта. Кыздардын спорттук шымынан жамбаштары дааналанып тырсыя чытырап, эркектин көзү ал жерди тешип кетчүдөй курч тиктеп, эркектик сезими ээ-жаа бербей дүүлүгүп, экөөнү бирдей баса калчудай абалга такайт. Өлүп кетпесе экен… Шайтан кыздар агайынын көзү тешилип келатканын сезишет, жамбаштар ого бетер чайкалып, жан сууруп, аз өтсө…

* * *

Сыргактын кыз жаатында бир өмүргө жетип берерлик тажрыйбасы бар. Мектепте окуп жүргөндө эле үйүргө кошулуп алган. Өзү менен окуган кыз болчу, аялындай алып жүрдү эки жылдай. Оңдой берди болуп кыздын боюна бүтпөдү. Анысы азыр күйөөдө. Күйөөсү чоң бай экен, аялына кийбегенди кийгизип, машинанын мыктысын мингизип, жер бастырбай асмандатып жаткан кези.

Ошол биринчи кыздан кийин экинчиси болду, анан үчүнчүсү, төртүнчүсү…кетти эсептелбей… Беш жыл окуусун бүткөнчө өзү окуган университеттеги кыздардын бир тобун мойсоп түштү. Анан тээ кылымдар аңыз болуп келаткан испандардын «Донжуан» деген атына  тааныш салбай эле татып берди…

Бу шыңга бойлуу татына жигит өзүнүн баасын билет. Сөздү болушунча орундуу сүйлөгөнгө далбас урат, жасалма сөз болсо да өңгөлөргө, бөтөнчө мээсинде шамалы көп кыздарга аябай эл таасирдүү. Жигиттин келбети да келишкен, таза кийинет, таза жүрөт, дурус окуйт. Анан кайсы кыз болмок ага «жок» деп тескери басчу. Ошончо кыз менен жүрүп, бу кудай урган букачар бир эле кызды сүйдү. Оо, ал кыздай жан болбос, болсо сейрек болор андайлар «миңдин бири» деген кепке жооп-мисал  болуп…

* * *

Үчүнчү курсту аяктап калган кез. Ага чейин беш-алты кызды таштап  койгон эрдиги жер менен бастырбай асмандата көтөрүп турган убак. Бир күнү китепкананын чоң залында отурат эле, бир кыз кирди. Кыз деп ушуну айт: узун бойлуу, кымча бел, тысырайган көпкөк жынсы шымчан, ак кофта, чачын эки өрүп артка таштап койгон, өңү аппак, каракөз. Басканычы… басканы керилген марал ырлардагы. Жок, жок, бул кыз бу турмуштун кызы эмес, эми эле жомок тараптан түшүп келгендей. Көз карашын айт, «мен келатам, мен гана» дегендей. Эси оогончо карап турушкан жигиттердин бар-жогуна эсеп бербейт бу кызың… Ал бир китеп алып Сыргактын оң жагындагы  катардан наркы катардагы бош столго олтуруп китепти ачып барактай кетти. Анан стулдун жөлөнгүчүнө илген асынма сумкасынан дептер, ручкасын алып чыгып, китеп барактады. Кези менен жазып олтурат. Көп кыздардай болуп кирген-чыккандарды, терезе тарапты карай бербеди, өзү жалгыз бу дүйнөдө, өзү гана. Сыргак байкатпаганга аракет кылып кыздан көз албайт, сугу артып, жаны суурулуп барат, олда балакет ай! Аз өттүбү, көп өттүбү Сыргак баамдай албады, бир маалда кыз китебин жаап ордунан турду. Сыргак андан озуна барып китебин өткөзүп, сырттан күттү да кыз чыкканда ага кайрылды:

— Карындаш, коө туруңузчу.
Кыз жигитти жалт карай басыгын пастата калды.
— Атыңыз ким, карындашым?
Эми кыз жигитти караган жок:
— Айчүрөк,-деди да кериле басып кете берди.
Демейде серпкени текке кетпеген бүркүттөй  шаңшып турчу Сыргак бу ирет калтар алам деп, ал ойт бергенде ташка чабылган бүркүттөй эси оой түштү. Сыргакта кыздын артынан басууга күч жок эле, көрсө, мыкты кыздарга жолуга элек экен да. Турду карап, кериле басып кеткенди. Эсине келе албай турду. Анан бак түбүндөгү орундукка барып олтурду. Беттеген кызды колунан учурган биринчи окуясы эле анын. Шагы сынып, «керилсе-чоюлса өзүнө, андай кыздар жүрбөйбү самсып» деп тиги кызды басынткысы бар… Бирок, кайра эле шагын сындыра басып кеткен, итпи же кушпу дебей койкойо басып кеткен кызды ойлоп эзиле берди. Тээ далайда барып ордунан туруп, бу жарыкчылыкта жалгыз кор болгон тири жан сымал илкий басты…