Тарых бүктөмүндө калган чапандар бүгүнкү заманга шайкештелип, кайрадан жаңыланып сатыкта. Жылуулугу, жарашыгы, өзгөчөлүгү, нукуралуулугу менен көпчүлүктүн көөнүнөн орун алган чапандар кимди да болсо кайдыгер калтырбайт. Анда кеп кезеги ошол чапандарды жандандырып тигип жүргөн Газбүбү чеберде.
— Өзүм Лейлек районунан болом. Бизде чапанды көп кийет, бирок бүгүнкүдөй мода үчүн эмес, күнүмдүк турмушта кийчүбүз. Апамдан эрте калдым. Төрт бир туугандын улуусу болгондуктан, түйшүккө эрте аралаштым. Чоң апам уз, чебер адам эле. Тестиер кезимде чоң апамды ээрчип, кылган-эткенине аралашып жүрүп кол өнөрчүлүктү өздөштүрдүм. Керемет кооздукка кызыгып жүрүп көп нерсени үйрөндүм. Айылда өскөндүктөн өмүр бою кол өнөрчүлүккө аралашып өстүм. Чоң апам сыртка чыкканда отура калып ишке аралашчумун. Ошол кызыгуум артып жүрүп чапан тигип калдым десем да болот. Алгач баласынтып ишенбеген чоң апам кийинчерээк өзү мага тапшырма берип, кылган ишимен кубат ала сүйүнүп калчу. Тикмечилик менен алектенсем, колум каныгып, кадимкидей өзүмдү сонун сезип калам.
Ар бир буйрутма чоң жоопкерчилик
— Мен чапан сапаттуу болушу үчүн негизинен түрк кездемелерине ыктайм. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардан тартып, бардык курактагы адамдар үчүн ылайыкталып тигилген чапандар бар. Жиптин дагы кымбатын, сапаттуусун сатып алам. Кийим сапаттуу, кийген адамга ыңгайлуу болуусу шарт. Айрым учурда абдан кымбат кийим да жакпай арзыбаган акчага алган кийим жарашыктуу, сапаттуу болуп калышы толук мүмкүн. Ар бир буйрутма мен үчүн чоң жоопкерчилик. Ошону менен бирге ой-чабыт, кыялымды кошуп тигип берем. Кардарга кийимди туура тандап бериш керек, психолог дагы болуп бүтөсүң, түрдүү адамдар келет. Айрымдар кооз болсун десе, дагы бири ашыкча топчу да болбош керек дешет. Көчөдөн сырт кийимдерди көргөндө көзүм менен сүрөткө тартып, өз кыялымды кошуп бир фасон чыгарам.
Чапан — кыргыздарга таандык кийим
— Чапанга учурда кызыгуулар көп болууда. Илгертеден ата-бабаларыбыз кийген чапанды саркечтеп, заман талабына ылайыктап тигүү менен улуттук колоритти сактап калууга болот. Тигүү ыкмасы – байыркы менен азыркынын айкалышы. Үлгүсүн, сапатын чоң апамдан үйрөнгөндөй кылуу менен заман талабына ылайыктап тигүү ыкмаларын жаңылайм. Улуттун жүзү кийимдеринде сакталат. Улуттук кийимдерибиз менен гана башкаларга барктуу, кызыктуу боло алабыз. Синтетикалык була менен ичтелип, сырты да синтетикадан жасалган кийимдер арбын. Бирок, суукта муздак, ысыкта ысык тарткан кийимдер ден соолукка да зыян. Мен чапандарды жаңы төрөлгөн ымыркайдан баштап, уландарга, кыз-келиндерге, аталарга, энелерге тегиз тигип бере алам. Ар бирине өз табитине, жаш курагына жараша фасон тандайм. Келечекте кыргыз көйнөктөрүн да тигүү кыялым бар. Чапан — кыргыз элинин кийими. Мен эч кимге атаандаш болоюн деген оюм жок. Жөн гана унутта калып бараткан чапанды кийинки муунга жеткирүү менен бирге өз кыялымды аткаргым келет.
Назгүл Осмонова