Домой Маек Талантбек Батыралиев: Бул мыйзам ишке кирсе, медицинадагы баш аламандык кыскарат

Талантбек Батыралиев: Бул мыйзам ишке кирсе, медицинадагы баш аламандык кыскарат

3410

Талантбек Батыралиев

Талантбек Абдуллаевич,  аз күн мурун сиз жетектеген министрликтин айрым жүргүзүп жаткан иш-аракеттерине каршылык билдирген нааразычылык акциялар болуп өттү.  Чын эле кемичиликтер көп болуп жатабы, же башка да себептер барбы?

— Биринчиден кемчиликтер да бар. Ал кемчилик  түздөн –түз каражат маселесине байланышкан. Каражаттын жоктугунан улам айрым бир ооруканалардын шарттарын көрүп эле жатпайбызбы. Биз ооруканалардагы шарттардын баарын бирдей, талапка жооп бергидей кылууга милдеттүүбүз да. Антели десек, жылдык бюджетибизди ары тартсак ага, бери тартсак буга жетпей калууда. 2011-жылдан берки  жылдык бюджетибизди айтайын, 2 миллиард 300 млн, 2 миллиард 400 млн. сомдун тегереги  болуп келди. 2010-жылга чейинки бюджетке салыштырмалуу бул бюджетте өсүш бар деп жатабыз. Бирок инфляция маселесин да унутпашыбыз керек. Мындан тышкары, Кыргызстанга келген медициналык дары-дармек, ар кандай жабдыктардын баары доллар менен келет. Бул көрүнүш жарандарыбыздын чөнтөгүнө оорчулук келтирип жатат. Бир мисал айтайын, биздин өлкө кант оорусу менен ооругандарды инсулин дарысы менен камсыздап жаткан жалгыз өлкө болуп эсептелет.  Ошондой болсо да, 2014 -жылы инфлациянын айынан дарынын өзүнө бөлүнгөн акча жетип, доллардын өсүшү менен ийнесине жетпей калбадыбы. Бул да кемчилик. Дагы бир кемчиликти айталы. 25 жыл ичинде дары, меджабдыктарды сатуу  сыяктуу бизнесте монополисттер бутка туруп алгандыгына байланыштуу, алар мамлекет менен өткөргөн көптөгөн тендерлерге катышышпайт. Алар үчүн мамлекеттик тендерлер кызык эмес. Тендерге көп киши катышпаса, ала турган буюмдун баасы түшпөйт. Көп учурда керектүү буюмдарды  кымбат алып келишет.

Биздин дары-дармек тармагыбыз 25 жыл ичинде толугу менен жеке менчик колуна өтүп кеткен. Ошону менен бирге алардын кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарыбыз иштейт. Базар экономикасы деген укмуш күчүнө кирди да. Ушул кезге чейин мамлекет  тарабынан дары –дармектердин баасын бир тараптуу кылып көзөмөлдөөгө мүмкүн эмес. Себебин айттык, базар экономикасы жана мыйзам укук берген болуп жатпайбы. Айтор, ушундай көйгөйлөрдүн, ар кандай баш алмандыктардын баарын эске алып, эми ошонун бардыгын жөнгө, тартипке салууга, тактап айтканда дары-дармектерди, медициналык жабдыктарды чет мамлекеттерден арзан баада алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзө турган үч пакет  мыйзам киргизип жатабыз. Ал мыйзамды киргизүүгө эки жылдай убакыт кетип, бул мезгилдин ичинде ар кандай тосколдуктардан өттүк.

Жогорку Кеңеш бул мыйзамды колдоп береби?  Анткени, дары бизнеси менен ар кандай ыкмада пайда көрүшкөн депутаттар да бар, аларга мындай мыйзам албетте жакпайт да…

— Туура, дагы баса белгилеп айта кетейин бул мыйзамды парламентке сунуштап, депутаттардын кароосуна жеткизгенге чейин ушунчалык кыйынчылык, тосколдуктарга туш болдук. Алардын артында көрүнбөгөн күчтөр да бар. Канча деген тегерек стол өткөрдүк, рахмат бизди басма сөз кызматкерлери абдан колдошту. Бүгүнкү күндө бул мыйзам ЖК депутаттарынын 1-кароосунан өттү. Буйруса, толугу менен колдоо табат деген чоң ишеним бар. Дары бизнеси  менен таза алектенгендерге зыяны тийбейт, пайдалуу эле болот. Ал эми таза жолдор менен иштебегендерге чагылгандай эле тийет. Муну окугандар “Ушу Баатыралиевди жоготуш керек эле” – дейт. Бирок аны ачык айта албайт. Башка шылтоолорго таяныш мүмкүн. Анткени мен бүгүн министр катары баш аламан сатылып, эч кандай эрежесиз элге тарап жаткан дарыларды текшере албай жатпаймынбы. Мындай баш аламандыкты жойбосок болбойт да. Өткөндө мен Кантка бардым, жарым саат карап турсам дарыларды билет саткандай эле сатып жатышат…

Ылайым эле колдоо тапсын дейли. Бирок бул мыйзам күчүнө кирсе эле, медицина тармагындагы 25 жыл ичинде чогулган көйгөлөр чечилип кетпейт да…

— Туура, бул мыйзам менен медицина тармагы  эң укмуш болуп оңолуп кетпейт. Ошондой болсо да, баш аламандыкты тартипке салганга чоң себепкер болот. Мындай чоң мыйзам 26 жылдан бери кабыл алынбай келген. Керек болсо бул мыйзамды дагы күчөтсөк болот эле. Жаза берүү жагын күчөтүү керек. Маселен, мыйзамды бузгандардын лицензиясын алуу абзел. Жазасы жок болсо мыйзам иштебейт. Бул мыйзам жакшы көзөмөл менен иштеп кетсе, медицина тармагында, айрыкча дары-дармектер боюнча кемчиликтер 90 пайызга чейин жоюлат.  Анткени, бул мыйзам долбоорунда оорукчандын “оору боюнча тарыхын” да киргизип жатабыз. Мисалы, азыр аны кааласа, оңдоп коюшат. Ал эми мыйзам күчүнө кирсе, “оору тарыхы”  толугу менен электрондоштурулат. Мындайча айтканда, 6 млн. элибиздин ар биринин оору тууралуу маалыматы электрондук түрдө болуп, ал бир жерде базада сакталат. Аны эч ким оңдой албайт. Бул көрүнүш азыр Оштогу ооруканада орун ала баштады. Буйруса, бардык жерге жайылтабыз. Бизде каттоо маселесинде да чоң көйгөй бар. Каттооңуз Ошто болсо, бүгүн Бишкектен каалагандай дарылана беребиз, эмне оору менен ооруп жатканын сурабайт дагы, ошол дары жарайбы, жарабайбы аны менен иши жок.  Бул жагын да иретке салуу абзел.

Мындай  көйгөйлөрдү чечүү чындап эле чоң тоскоолдук жаратары турган иш. Бирок мен эч нерседен коркпойм, аягына чейин барам. Мага карата, биздин министрликке карата уюштуруп жатышкан нааразычылык акцияларында атайын даярдап жазып берген  нерсени айтып жатышат. Ал нерсе кайдан чыгып жаткан, анын артында кимдер турат мен жакшы билем. Алардын бир талабы кадр маселесине байланыштуу болуп калды. Мен  бул боюнча да кыскача айтып коёюн. Дары-дармек боюнча департаменттин жетекчисин мен дайындабайм, өкмөт дайындайт. Ал кызматка мурун ФОМСта директор болгон Гүлмира Шакирова дайындалды. Эң башкысы дары-дармек боюнча бизнеси жок.

Онкология жана анын жетекчиси боюнча эмне айтасыз?

— Онкология боюнча деле ошондой. Ал жерге дайындалган Эрнис Тилеков кыска убакыттын ичинде буга чейин жасалбаган иштерди жасап жатат, иштин көзүн билет. Болгону биз сунуш гана бере алабыз. Калганын өкмөт өзү чечет.

Чынында Онкологиядагы интрига укмуш болуп келген да, эгер ал мекемеден жумасына 2-3 арыз түшпөсө болбойт. Керек болсо бири – бири менен да сүйлөшпөгөн учурлар болгон. Маселен, азыр  жаңы директор Тилеков Онкология  менен Гематологияны бириктирүү боюнча алгылыктуу аракеттерди көрүп жатат. Ал мекеменин жери кенен. Кайсы жери кимге ижарага берилип кеткенин билишкени менен ачык айтпай, жер жок деп баштарын жерге салып келишкен.

Көрсө, 2 гектар жерин автопаркка ижарага берип салышыптыр. Тыкыр текшерип жатып, жаңы директор көп нерсени таап чыкты. Буйруса, каражат  табылды, эми ал Онкологиянын жанына  жаңы Гематология бөлүмү салынат. Анан бириктирилет да, көп нерсе кыскарып, жаңы талап, жаңы система менен иштеп баштайт. Бирок каражат маселесинде көйгөй болуп келген. Гематологияны куруу үчүн кореялыктарга эсептеп туруп, 30 млн. деп бергенбиз. Ал туура эмес, башкаларын да бириктиргиле деп кетип калышпадыбы.

Маселен, мени менен чогуу иштеген  профессор Юрий Пия Казакстанда: кардиологияны, кардиохирургия, гематалогия,  трансплантология, новыйтехнологияны, радиологияны бир жерге топтоп, бириктирип койду. Бүткүл дүйнөдө ушундай. Ал профессор азыр Казакстанда чоң ийгиликтерге жетишип жатат. Жакында Казакстандын баатыры наамын алганы турат. Негизи анын улуту корей болгону менен, биздин жердеш эле. Бирок аны биз батыра алган жокпуз.  Ал эми оорунун ар кандай түрү болот да, ысыкты жактырбайт, же муздакты каалабайт дегендей. Айла жок, ага карабастан ар кайсы жердеги ооруканалардын бөлүмдөрүнө убара болуп барууга туура келет. Же  жолдорубуз жакшы эмес. Айтор, болушунча кыйналабыз. Андай болбошу керек, келечекте адамдарды убара кылбай турган кылып, баарын бири-бирине бириктиришибиз керек. Биз муну акырындык менен жасайбыз. Биздин курс абдан кыйын курс болду. Мына, 100дөн ашуун илимдин доктору болушту. Булар менен мен 25 жылдан ашуун көрүшкөн жокмун. Онкологияда да көпчүлүгү менин курсташтарым.  Жаңы директор  Тилеков өзү  көлдүк жигит. Саламым түз. Иштин көзүн билет. Эки жолу Индияга, Түркияга бир жолу барып, ал жактын медицина тармагын көрүп келди. Кийин ал мага  айтты: “Менин курсташым мага эмне эле жомок айта берет” –дей берчүмүн, көрсө реалдуу нерселерди айтчу турбайбы” –деп  мойнуна алды.

Улуттук хирургиянын жетекчиси Канат Мамбетовичке да: “Сиз Ошко барып, “Ош кардиону” көрүп келиңиз. Полунан баштап, баарын жакшылып караңыз. Бул жерде 300-400 адам кылган ишти, ал жерде 8 эле адам кылып жатат” –деп сунуштадым. Айтканымдай эле, көрдү. Мага телефон чалып: “Мен сизди түшүндүм, 6 айда ошондой кылып жасайм”-деди. Андан кийин, сөзүнө туруп Улуттук хирургияны кычыратып жасап койду. Жасаса, иштесе болот экен го. Ошол эле учурда башкалар эмнеге андай кылып жасабайт деген суроо туулат. Кудай буйруса, сиздер Онкологияда жылдын аягына чейин реалдуу өзгөрүүлөрдү көрөсүздөр.

Айбек Шамшыкеев