КСДП депутаты Кожобек Рыспаев “Кыргыз алтын” мамлекеттик ишканасындагы атка минер Бектур Сагыновду эки кызматты ээлеп олтурат деп жар салып чыкты. Анын айтымында Сагынов бир эле учурда директордун орун басары жана бухгалтерлик кызматта экен. Чынында, элге ачыкка чыкпаган мындай көрүнүштөр “Кыргыз алтында” гана эмес, башка мамлекеттик мекемелерде да кездешпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анан дагы уялышпай, оптимизация деп оозун чоюп коюшат. Мындай маселени тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл.