Домой Саясат Бабановдун үстүнөн 10 арыз түштү, БШК эми шайлоодон четтетилеби?

Бабановдун үстүнөн 10 арыз түштү, БШК эми шайлоодон четтетилеби?

61

photo_28983

Оштун жака белиндеги Он-Адырда калпагын чечип коюп өзбек тектүү шайлоочуларды чагымчылдыкка чакырган Өмүрбек Бабанов кыргыз коомчулугун катуу нааразы кылды. Бабановдун бул аракетине кыжырдангандар азыркы күнгө чейин кескин пикирлерин билдирип, тиешелүү органдарга кайрылгандары да бар. Буга чейин Ош жана Жалал-Абад облустарында Өмүрбек мырзанын мындай чагымчылдыгына нааразы болгондор митингге да чыккан.

nexium replacement 2010. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Бабановдун үстүнөн 10 арыз келип түшкөн. БШКнын маалымат кызматы кабарлагандай, Ош шаарынын тургундары, коомдук кеңештер, согуш ардагерлери, Кыргызстан элдер Ассамблеясынын аймактагы өкүлдөрү Бабановдун үстүнөн даттанган. Келип түшкөн арыздар негизинен талапкердин улут аралык чатакты козута турган кебине байланыштуу.

Чынында Бабанов жарасы эми айыгып бараткан Июнь окуясын козгоп, добуш алуу үчүн сеператист Кадыржан Батыровдун сөзүн сүйлөдү. Ал муну менен өзбектердин добушун алмак түгүл андан айрылды. Ал аз келгенсип миңдеген шайлоочуларынан кол жууда. Эми БШК азырдардын незигинде аны шайлоодон четтетиши да ыктымал. Анын үстүнө төңкөрш жасоо боюнча козголгон кылмыш ишинде да Бабановдун ысымы айтылууда.