Сүйлөсө сөзүнүн башы менен аягы туура келбеген, “колдоочуларынын” акчасына таянып гана саясатта өзүн лидер санаган Бакыт Төрөбаев деген бар. Бул саясатчы дараметине карабай эле президенттик шайлоого катышып алды. Алгач өз алдынча аягына барам деп, ара жолдон Бабановдун колтугуна кире качты. Болгондо да бул эки саясатчы такыр логикага туура келбеген ураан менен бирикти.
secure medical. Дал ушул Максим Бакиевдин долбоору саналган Төрөбаев жакында КТРКнын эфирине расмий түрдө байкот жарыялап, өзүнө берилген эфирдик убакттан баш тарткан. Арадан 10 күн өтпөй Бакыт Эргешович жигиттик сөзүнөн кайтып, кайра Коомдук каналдын эфирине чыгам деп жанталашып жатыптыр. Бирок, КТРКда орун калбай калыптыр. Муну каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков айтып чыкты. “Телерадиоберүү бул татаал, үзгүлтүксүз өндүрүш тармагына кирет. Эфирди жана анын мазмунун бир учурда өзгөртүп, алмаштырып жана башкача берүү өзгөчө кырдаал абалга барабар болуп эсептелет… Өтүнүчүңүздү орундатуу мүмкүн эмес” деп жазды Карыпбеков Төрөбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылып.
Төрөбаевдин бул кадамы эле анын саясатчы катары бышып жетилбегенинен, орто жолдон ойт бере турган ойсоктугунан кабар берет. Бакыт Эргешович президенттик шайлоого катышып жаткандан кийин ар бир кадамын таштар алдында бир аз ойлонуп, билдирүүлөрүнө олуттуу мамиле жасаса болмок. Муну менен ал далай колдоочуларын иренжитти.