2-октярбрда Бишкек шаардык соту «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди жана ушул эле партиянын дагы бир мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн өкүм чыгарды. Ага ылайык, шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, Текебаев менен Чотоновду сегиз жылдан эркинен ажыраткан өкүмүн окуду.
Улуттун мүлкүн каалагандай калчап, чет элдик ишкерлерден 1 млн. доллар пара алган Текебаевдин кылмышы буга чейин эле тастыкталган. Аны россиялык ишкерлер эле эмес, бир топ Кыргызстандын атуулдары да ачыкка чыгарган. Бирок, Текебаев азыркы күнгө чейин актанып келет. Эч бир кылмышкер күнөөсүн моюнга албаганын эске алганда бул нормалдуу эле көрүнүш. Ошентсе да тоок уурдагандар 5 жылга чейин кесилип жатканда Текебаев үчүн 8 жыл жеңил жаза. Прокурорлор бул чечимге нааразы болуп Жогорку Сотко кайрылышы керек. Анткени, 1 млн. доллар пара алган кылмышкер бери дегенде 15 жылга соттолушу абзел.