Домой Саясат “Кумтөр” кен ишканасынын иштөө мөөнөтүн узартуу керек

“Кумтөр” кен ишканасынын иштөө мөөнөтүн узартуу керек

58

1390898506

“Кумтөр” кен ишканасы иштеген 25 жылдан бери Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган 3000 ге жакын такшалган кесипкөй адистер даярдалды,бирок, 6 жылдан кийин кен ишканасы жабылганда алар жумуштан бошоп, жумушсуз калышат. Мындан сырткары, өлкөнүн бюджетине  9 млрд. сом түз салыктар түшпөй калат жана Кыргызстандын экономикасы үчүн  чыгымдар өтө чоң суммага барат, анткени “Кумтөр” долбоору өлкөнүн ИДӨнүн 7%  түзөт. “Кыргызалтын” ААК үчүн кен кен ишканасынын жабылышынан келген жоготуулар компаниянын өзүн кудуретсиздикке (банкроттуулукка) алып келет. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кумтөр” кен ишкансынын иштөө мөөнөтүн кантип узартуу тууралуу  маселени мына бүгүн ойлонушу керек.Kumtor

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  геологиялык кен чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жаңы аянттарды buy xenical without prescription. шашылыш түрдө берүү зарыл. Бул үчүн 2012-жылы экс-премьер-министр О.Т.Бабанов  тарабынан мыйзамсыз алынган 16 миң гектар  мурда берилген жерди  калыбына келтирүү керек. Жогорудагы көрсөтүлгөн  жокко чыгаруудан кийин «Кумтөр Голд Компани» ЖАК тарабынан мурда пландалган геологиялык кен чалгындоо иштерине инвестиция кылуу токтотулуп,  өлкө үчүн маанилүү деп эсептелген “Кумтөр” долбоорунун иштөө мөөнөтүн кыскартууга алып келген. “Кумтөр” кен ишканасы жарандарыбызга коопсуз иштөө шарттарын камсыз кылуу менен экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарына ылайык толук түрдө иштөөсү керек.“Кумтөр” кен ишканасынын иштөө мөөнөтү толук аяктагандан кийин «Центера Голд Инк» жана «Кумтөр Голд Компани» ЖАК, “Кумтөр” кениндеги жерди калыбына келтирүү (рекультивация) жана кендеги коопсуздукту камсыз кылуу боюнча  толук жоопкерчиликти алышы керек.

 КРнын тоо кен өнөр жай жана геологдор ассоциациясы