Домой Саясат Аты да затына жараша коюлгандай жыргал эле Кулматовдуку

Аты да затына жараша коюлгандай жыргал эле Кулматовдуку

46

Кубанычбек Кулматов

Жыргал эле ушул Кубанычбек Кулматовдуку экен. Аты да затына жараша коюлуптур го, иши эмне жыйынтык берип жатканы менен иши жок кубанып гана жүргөнү… Билгендер айтып жүрүшөт го, Кулматов бажы кызматын жетектеп жүргөндө күлүп-жайнап туруп эле адам түшүнө киргис байлык жыйнап алган деп… Анан Бишкек шаарынын башына келип, кудай акы, көзгө көрүнөрлүк бир дагы ишти бүтүргөн жок. Тескерисинче, шаарды акыр-чикирге толтурду да баса берди. Аны далайлар сындады, бирине да “быш” этип койгон жок, кубанганы кубанган болду…

Эми карабайсыңбы, акчасы аябагандай арбын Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна жетекчи болуп жатпайбы. “Кыздын сыры төркүнгө маалым” дейт, кубанбай калалы!..