Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматовдон президент Алмазбек Атамбаев сурап жатат дейт:
— Эмне үчүн маянаңарды абдан чоң коюп алгансыңар?
— Биздин жумуш абдан коркунучтуу. Кечээ бир кызматкерим жумуш ордунда өлүп калды. Экинчиси уйкудан ойгонбойт.
— Ошондой де? Эмнеден болуп?
— Бекерчиликтен, — деп жооп берген экен.