Базар экономикасына өткөндөн бери адабият, маданиятка жакшы көңүл бурулбай, мурда китептери мамлекеттик басмалардан пландуу түрдө үзгүлтүксүз чыгып келген акын-жазуучуларыбыз талаада калгандай томсоргону чындык. Бирок да мезгил дегениң бир орунда турбайт экен. Кечээки каат заман бара-бара оңолуу жолуна түшүп, калеми колдон түшкөн жазуучуларыбыз акырындап жандана баштады. Мамлекеттин эсебинен дагы, өздөрүнүн эсебинен дагы жыл сайын жүздөгөн китептер чыга баштады. Саман-топону аралаш дегендей… Бирок, ал саман-топонду мезгил өзү тазалап алары да анык. Учурдагы адабияттын абалына байкоо жүргүзсөң, кыргыз өзү ыр жандуу эл экенинен уламбы, айтор кара сөз каймагын калпыгандарга караганда поэзияга кызыккандар арбын экенин көрөсүң. Ошол кенемтенин ордун толтуруу, калың элдин алдына көпчүлүктөн тандалып алынган мыкты калемгерлерди, жаңы ысымдарды алып чыгуу максатын көздөгөн “Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубу менен биргеликте жаш ишкер Кылычбек Исамамбетовдун демөөрчүлүгү астында аңгемелерге сынак жарыяланган. Сынак ай сайын өтүп турат. Жылдык байге фонду эки миллион сомду түзөт. Жеңүүчүлөр калыстар тобунун жана Фейсбук социалдык тармагындагы окурмандардын баалоосу менен тандалат. Сынактын биринчи айлампасында калыстардын тандоосу менен 1-орунду Элмира Ажыканованын «Боз дүйнө», (30 миң сом), окурмандардын тандоосу менен 2-орунду Максат Жангазиевдин «Мандатия» (20 000 сом) аңгемеси алган. 2-айлампада калыстардын чечими аркылуу «Гаргарчи» аңгемеси менен Абдыкерим Муратов жеңүүчү аталса, ал эми окурмандардын тандоосу менен «Иззудин» аңгемесинин автору Элдияр Элчибек жеңишке жетишти. 3-айлампада калыстардын чечими менен Аким Кожоевдин «Хоспистин тургундары» аттуу аңгеме жеңишке ээ болсо, окурмандардын баасы менен Низамидин Мурзаевдин «Аялдар жана саясат» аңгемеси утуп чыкты. 14-мартта аңгемелер сынагынын 4-айлампасы жыйынтыкталып, калыстардын чечими менен Олжобай Шакир “Муздак ташка төгүлгөн ысык жаш” аңгемеси менен 1-орунду алса, ал эми окурмандардын тандоосу менен Таластагы райгезитте иштеген журналист кыз Мира Сейдикеримованын “Тумандуу түндө” аңгемеси байгеге жетишти.
Биз сынактын демөөрчүсү, жаш ишкер Кылычбек Исамамбетовго суроолор менен кайрылдык.
— Кылычбек мырза, жылына эки миллион сом коротуп, аңгемелер сынагын уюштурганыңардын себеби эмнеде?
— Алдыда буюрса, миллион сом байге сайып ойнотулчу байгебиз бар. Ал да проза жанры боюнча. Ишти поэзиядан эмес, прозадан баштаганыбыздын себеби, прозаны элге кайра бир сиңирип алууну максат кылдык. Ыр жазгандар кудайга шүгүр, абдан эле көп. Айтып, деп эле атабыз, бирок ушу адабият жаатында окушкан студенттер болобу же карапайым китеп окурмандары болобу, жок дегенде сынактын жыйынтыгын келип көрүп кетишсе жакшы болбойт беле. Салым дегенде сөзсүз эле материалдык жагын ойлобошубуз керек. Келип, катышып, сынактын катышуучуларын сүрөөнгө алып турса да адабиятка кошкон чоң салым болмок. Бизде кайдыгерлик деген оору күчөптүр. Бала чагымдан кыргыз жазуучуларынын китептерин окуп, алардын тарбиясына сугарылып чоңойгон баламын. Жаш муунду китеп тарбиялайт. Андыктан, мындан кийинки сынактарга окурмандарды активдүүрөөк катышууга чакырып кетем.
Назгүл Осмонова