Кулматов үйдөй болгон “балээден” кутулуп кетти
2 жыл 24 күн Бишкек мэри болуп иштемиш эткен Кубанычбек Кулматовдун кызматтан кеткенине эч ким кейиген жок, тескерисинче эл анын кетишин “керемет” иш катары баалап, кубануу менен кабыл алды. Негизи бул адамдын Бишкек, андан соң Чүйдү, анан калса акча Нарын дарыясындай эле күркүрөп турчу бажы тармагын да бир нече жылдар башкарууга башы да, деңгээли да жетпеси белгилүү болчу. Бирок, атасы Кеңеш Кулматов чоң дипломат, мамлекеттик ишмер болгондуктан анын аркасы менен элибиздин каада-салты, наркы, эне-тили менен анчалык иши жок эрке талтаң баласына чоң кызмат, чоң саясатка тез эле даңгыр жол ачылып, жакшы шарттар түзүлгөн. Кандайынан карабайлы, Кубанычбек мырза эки жыл ичинде шаардыктарды кубанта турган иш жасай албады. Кубантмак турсун, акыр-чикир маселесин жөнгө сала албай, кууратып жиберди. Мындан башка да шаар ичиндеги жолдорду, социалдык көйгөйлөрдү талапка ылайык чече алган жок. Айтор, абройлуу атанын ашынган эрке баласынын эки жылдык ишмердигин тыкыр талдап, кемчилигин чукуй берсең, “иттин өлүгүндөй” бүксүгөн иштер каңылжаарга “бурр” этери турган иш. Тилекке каршы, Кулматовдун жең ичинде иштерине эч ким кийлигишпеди да, эч ким тийишпеди. Эгер билек түрүп, бир аз эле киришип койсо, анда Кулматовдун үстүн үйдөй болгон кара булуттар каптайт. Бул эми боло турган иш эле, бирок экс-мэрдин “кара булуттарды” качыра турган рычагдары бар.
Экс-мэр болсо кызматынан кетип жатып, үй-бүлөлүк маселе менен Кыргызстандан сыртка чыгып “эс аларын” элдин эсине салды, терең айтканда: “чөнтөгүмдү азайтып, ашказандагы ашыкча майларды сиңирип, азайтып келем” десе деле чынын айткан болмок. Бишкекти “гүлдөтүп” жатып, маалымат жыйынын өткөрүп маашырланып чеги жок мактанды. Бул адамда уят деген улуу нерсе такыр жашабайт экен. Жок дегенде: “ишимде итчиликтер көп болду, шаардыктар мени кечирип койгула”, – деп бир ооз айтса, эл ыраазы болмок. Эми экс-мэрдин кызматтан кетип жатып, чет мамлекеттерди көксөп калганына караганда, ал жактарда канча бир убакыт өткөзүп ( атасынын чапкан жолу менен дейли), анан ажонун батасын алып, кайсы бир мамлекетке КРнын элчиси болгону жүрбөсүн? Мындай болушу да толук мүмкүн. Бирок, башкы бажычы болуп турганда таскагы байкалбаган, губернатор кезинде гүргүштөп иштебеген, мэр кезинде маселе чечип мээнеттенбеген, элчи болсо жыргатат беле.
Сарпашевдин саясаты “сасыбаса” экен
Тапанчадай тарсылдаган Тайырбек мырза, биринчи вице-премьер кызматтан кетип жатып, акчасы арбын “ашкере майлуу” кызматтардын ичинен Мамлекеттик кызматты басып жыгылганы элге абдан кызык болгон. Анын үстүнө Ак үйдүн эң үстүңкү кабатында олтургандар: “биометрика деген маселе мунун мойнунда эмес беле, ошол ишти аягына чыгарсын”, — дешти го. Вице болуп турганда бул кызматты көзөмөлдөп, чоң көрсөтмөлөрдү түздөн-түз берип турса да, мурунку жетекчи “жеп-ичти” деп ачыктан ачык шектелген Алина Шаикованын өзүм билемдиктерине көз жумуп келген. Балким, Куловдон тышкары, Шаикова Сарпашевге таянып алып, Мамкаттоонун системасын талкалап, “бардак” кылгандыр. Болбосо, Тайырбек мырза, ушу күнгө чейин Алина айымдын көз жумуп коюуга болбой турган кемчиликтерин бир ооз айтат эле го. Тилекке каршы, айтмак турсун, анын иритип кеткен иштерин жашырып жаткансыйт. Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 3 миллиондон ашуун эл биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Тапшыра элек бечараларга Тайырбек мырза, өңүн бузуп, көзүн сүзүп, өтө жаман “тап” берип турат. Анысы: “биометрикасын тапшырбагандарга жөнөкөй жана өтө зарыл документтер берилбейт”, — деген кыязда каратып туруп сайраганы болду. Минтип, айтарын айтып алып, бирок сын айтып чыккандарга чычалап: “антип айткан эмесмин” — деп актанды. Катуу киришкендер, анын калпын чыгарып, колу коюлган тиешелүү кагаздарды алып чыгып, коомчулукка жар салды. Ал тургай бейөкмөтчү, адвокат Нурбек Токтакунов бул маселе боюнча сотко да кайрылды. Ал ортодо Сарпашев сотко бергендерди сокур тыйынча да баалабай: “баарыласаңар да тезегиме куурай сая албайсыңар” деген таризде өзүм билемдикти өөрчүтүп жаткандай. Мисалы, ал: Мамкаттоодон документтерди 2 сааттын ичинде берүү, Мамкаттоонун бардык документтерин электрондук вариантка өткөрүү иштерин катуу пиар кылууда. Эмнеси болсо да, Сарпашевдин саясаты Шаикованын иштериндей сасыбаса экен.
Жыргалбек жыргап жүрсө, кайдагы мыйзам…
Шайлоо учурунда “Республика-Ата Журт” фракциясынын “атасы” менен “апасы” Бабанов менен Ташиевге, “кудай урсун, балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын” — деп каргангандардын бири, “баскан жерине оңой менен чөп өспөгөн” Жыргалбек Саматов БШК менен узакка чырдашып жүрүп, акыры депутаттык мандатка жеткени менен, Бабанов аны фракциясына кошпой, “чоочун койдун текесиндей” кылып бөлүп салганы белгилүү. Жыргалбек мырзанын айтса түгөнбөгөн, адамдын кыжырын кайнаткан шумдуктуудай окуялары көп. Негизи өзү: отту дагы, бокту дагы, сотту дагы тепсеген, айтор эч неседен кайра тартпаган, мамлекетин дагы, мандатын дагы сатпаган чыныгы көк бет, “көк жал баатыр” экен. Буга чейин өзүнө бир эмес, бир нече жолу кылмыш козголгону менен, суудан кургак чыгыптыр. Россиянын жарандыгын анык алып, анысын өзүнүн далай керегине жаратканы менен, Кудай уруп, жарандыгын такыр эле танып чыкты. Бул маселени аныктоого аракет кылышкан БШК төрагасы Туйгуналы мырза дагы, Бабанов дагы жеңилип калышты. Өткөн чакырылышта 5 жыл бою бир да ооз ачпаган “балык” депутат болуп, бир да мыйзам жазбаганы ачыкталды. Мунусу орустардын: “Акчам бар, акылдын кереги жок” — деген накыл сөзүн айласыздан эске салат экен. Демек, беш жыл бою мамлекеттен алган депутаттык олчойгон айлыгын да актабаптыр да. Эмесе, мамлекетке пайда эмес, тескерисинче зыян келтирди десек аша чапкандык болбос. Албетте, көпкөндүгүн көрсөтүп, 10 миң кишиге той өткөрүп жүрсө, кайдан мыйзам жазмак эле. Чынында, мамлекетке пайда келтирчү мыйзам жазганга деңгээли жетпеси көрүнүп турат. Бирок, бул кургуруң уялбай, “Азаттыкка”: “Мыйзам жазбаганым менен мыйзамдын аткарылышына көзөмөл кылам” — деп күйгүзө сүйлөптүр. Кыргызстандагы бирин-бири кайталаган мыйзамдардын кайсынысын көзөмөлдөп жатканын жакшылап далил менен айтса, эл ишенмек, анан кооз сүйлөп койсом эл ишенет дегендин өзү ары болгондо акмакчылык, бери болгондо нааданчылык эмеспи. Бабанов дагы, БШК дагы Саматовдон мандатын тартып ала албай калышты. Жыргалбек мырза, алдыда дагы 5 жылга жакын мезгил парламент ичинде жүрө берер жыргап-куунап, мыйзам жазуу деген маселе ага онунчу болуп, “жалгыздап жорткон карышкыр” өңдөнүп. Андай болсо, мамлекет анын азабын дагы тартабы?
Айбек Шамшыкеев