Учурда дүңгүрөгөн той-маараке өткөрүү көнүмүш адатка айланып, ансыз да каржалып турган калк мындай чыгымдуу жагдайдан чыгалбай же куда-сөөк, дос-тамырын кыялбай кылчактап турган кези. Тээ 1924-жылы эле коомдук ишмер, кыргыздын чыгаан уулу Абдыкерим Сыдык уулу “Сарамжалдуу жашоо керек деген” макаласын “Эркин-Тоо” гезитинин 2-санына жарыялаган экен. Бул маселеге үн кошкондор көп эле болгон.
Мына ушул ыксыз чыгымдар, калктын жонунан кайыш тилген ашыкча жөрөлгөлөргө байланыштуу 2016-жылдын 3-мартында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы, Улуттук илимдер академиясынын академиги Мурзубраимов Бектемирдин демилгеси менен “Ысырапкорчулуктан арылмайынча жашообуз оңолбойт” деген темадагы материалы жана “Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө” КРнын мыйзамынын долбооруна байланыштуу тегерек үстөл болуп өттү. Иш-чарада каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарга байланыштуу жарык көргөн китептер, массалык маалымат каражаттарына жарыяланган маалыматтарды камтыган материалдардын көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чарага депутаттар Салянова Аида, Нышанов Сайдулла, Токтошев Эмил, Абдимуктар Маматов, экс-депутат Кубанычбек Исабеков, окумуштуулар: Абдылдажан Акматалиев, Тогузаков Осмон, Исаев Кусейин, Советбек Байгазиев, Молдокасымов Кыяз, Кененбаев Шаймерден, Ибраев Марклен ж.б сыймыктуу ардагерлер баш болгон абройлуу инсандар катышып, аталган теманын жана мыйзам долбоорунун тегерегинде өз ойлорун ортого салышты.
Тегерек үстөлдү өткөрүүнүн демилгечиси, профессор Бектемир Мурзубраимов аталган жыйында буларды билдирди:
-“Ысырапкорчулуктан арылмайынча жашообуз оңолбойт” деген темадагы тегерек үстөлдүн эң негизги максаты — жалпы Кыргызстандагы кыргыз элинин ашыкча ысырапкорчулукка жол бербей, болушунча үнөмдүү жашоого көнүгүүсүнө байланыштуу ойлорубузду ортого салуу. Бул маселени ондогон, атүгүл жүздөгөн жылдар бою көтөрүп келишкен. Себеби, сарамжалдуу, үнөмдүү жашоого көнбөсөк, тапкан-ташыган байлыгыбызды, мүлкүбүздү айкөл, берешен болуп той-топурларга жумшай берсек, анда кедейчиликтин торунан чыга албайбыз. Бул маселени мен академик катары 1987-жылдан бери көтөрүп келатам. Өкмөттө, Жогорку Кеңеште депутат кезимде, көптөгөн маселелер жарыяланып, ага байланыштуу белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маркум Т.Усубалиев, А.Маселиев, А.Карыпкулов жана депутаттардын жоон тобу, республиканын, облустардын жетекчилери дин кызматкерлери катышкан парламенттик угуу уюштурулуп, анын негизинде өкмөттүн атайы токтомун чыгарууга жетишкенбиз. Андан ары маселе, облустардын жана райондордун деңгээлинде дагы талкууланган. Той-аштарда кээ бири атайын бере албай жүргөн белектерин, парасын берүү үчүн жакшы жагдай түзүлөт. Бул мыйзамдын кабыл алынышын көбүнчө калың эл каалайт. Той-ашты, мааракелерди, маркумга куран окутуу сыяктуу жөрөлгөлөрдү токтотуу мүмкүн эмес. Бул илгертен бери болуп келген, болуп жатат жана боло бермекчи. Себеби, түптүү кыргыз элин, түптүү кылып сактаган жакшы каада-салттарыбыз , тилибиз, дилибиз, динибизде экендигин унутпайлы. Маселе, той-ашты, ырым-жырымдарды биротоло токтотууда эмес, аны өткөрүүдөгү маданиятында жана чыгымды, убакытты үнөмдөөдө. Бир эле мисал келтирейин, куран окутуунун да, ажыга барып келүүнүн дагы тойго айланып бара жатканына көбүбүз күбө болуп жатпайбызбы.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев баш болгон айрым депутаттары дагы ушу маселени талкуулашып, мыйзам катары кабыл алууга аракет кылышкан. Бирок, мыйзам болуп кабыл алынбай калган. Себеби, депутаттар толук колдоого алышкан жок. Анткени, той-аш деген алыш-бериш да. Бир жагынан бийликтегилер үчүн, дин кызматчылары үчүн, анан байлар үчүн алыш-бериштин, өтө ашыкча кетпесек да пара алуунун бир жолу катары колдонулган учурлар бар.
“Ата Мекен” партиясынан депутат Аида Салянова буларга токтолду:
-Учурда республиканын бардык жерлеринде “Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо бардык жерде өтүп жатат. Бул абдан маанилүү жана бизге керектүү долбоор. Мына ушул маселени канча жылдардан бери талыкпастан көтөрүп, коомчулуктун талкуусуна коюп келе жаткан биздин урматтуу агайыбыз, профессор, мурун депутат болуп жүргөн Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы, академик Бектемир Мурзубраимовдун демилгеси менен ушул тегерек үстөл болуп отурат. Аш-тойлордогу ысырапкорчулукту ушул күнгө чейин тартипке сала албай келебиз. Бул мыйзам долбоору колдоого алынып калчу болсо, адегенде биздин аткаминерлер, мамлекеттик кызматтагылар тарабынан сакталышы керек. Бул бышып жетилген маселени депутаттар колдоп берет деген үмүттөбүз.
Жогорудагы депутаттын сөзүнө кайчы пикирин билдирген экс-депутат Кубанычбек Исабеков мындай дейт:
-Мамлекеттик кызматкерлерге той өткөрүүгө тыюу салса болот, бирок бизнесмендерди тыюу туура эмес ко. Ал үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө туура келет. Андан тышкары, мамкызматкерлердин этикасы деген бар. Бизде кандай? Атүгүл өлгөндөргө куран окутуу да тойго айланып кеткен. Мамкызматкерлер куран окулган жерлерге барып түштөнүп келишет.
Жолугушууда сүйлөшкөн депутаттар Токтошев Эмил, Нышанов Сайдулла, окумуштуулар Тогузаков Осмон, Кусейин Исаев, Советбек Байгазиев, Молдокасымов Кыяз, кадырлуу карыяларыбыз Кененбаев Шаймерден, Ибраев Марклен, ошондой эле Кыргызстан ассамблеясынын Түрк коомдук бирикмесинин президенти Шамилов Рашад, “Манас” Кыргыз-Түрк унуиверситетинин студенттери бул мыйзамдын бизге абдан керек болуп тургандыгын белгилеп, калың эл каржалып турган азыркы учурда мыйзамдын кабыл алынышы топураган тойлорго, бөөдө чыгымдарга чекит коюп, элдин жашоосунун жакшырышына чоң салым кошорун баса белгилешти. Жолугушууга республикадагы түрк жана азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү да катышып, алар да мыйзам долбоорун колдоого алышарын айтышты.
Назгүл Осмонова