Кечээ жакынкы күнгө чейин эле түштөр ааламын башкаруу кыял гана болуп келген болсо, Bitbanger Labs компаниясы мына ушул кыялды иш жүзүнө ашырмай болушту.
Алар ойлоп тапкан Remee Dream Mask аппаратынын жардамы менен түштү көзөмөл гана кылбастан, аны башкарууга да мүмкүн болот. Бул аппарат тышкы көрүнүшү жагынан уктаганда кийип жатуучу көз айнекке окшош. Бирок, бул жаңы буюм светодиоддор менен жабдылып, алар ар кандай чиймелерди түзүү менен бирде өчүп, бирде жанып турушат. Мээ болсо бул чиймелерди түш көрүп жаткандагы кубулма көрүнүш катары кабыл алат дагы түш көрүп жатканын түшүнөт. Мындай көз айнектин баасы сапатына жараша 80-140 доллар турат.
Аида Мусаева