Кыргызстандын басма сөз майданында «Багыт.kg» аттуу газета пайда болду. Алгачкы сандарынан эле мазмундуу чыгып жатышы кубандырбай койбойт. «Багыттын» багыты конструктивдүү экени байкалат. Анын үстүнө бул газетанын редакциясына Баратбай Аракеев сындуу даанышман журналист баш болгон Бөкөнбай Боркеев сыяктуу калеми курч чыгаан калемгер-публицисттер топтолуптур. Дагы бир журналист, акын кыз Назгүл Осмонова да маданият тармагын майын чыгарып жазып жүргөнүн коомчулук жакшы билет. Журналистикада кыйла тажрыйба топтогон таланттуу журналист Айбек Шамшыкеев башкы редактор экен. Буюрса, «Багыт.kg» калайык-калк сүйүп окуган басылмага айланат деген үмүт бар. Газета эгемендүү эли-журтубуздун мамлекеттүүлүгүн бекемдеген, Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясына кызмат кылган, маданиятты, экономиканы көтөрүүгө, жарандарды тынчтык шарттарда түзүүчүлүк, жаратмандык эмгекке шыктандырган элдик газета болушун каалаймын.
Советбек Байгазиев,
филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти