Домой Саясат Майкл Макфол Ѳмүрбек Бабановдун артында турган “оюнчуларды” ачыктап койду

Майкл Макфол Ѳмүрбек Бабановдун артында турган “оюнчуларды” ачыктап койду

43

cheap website to order periactin. Без названия (1)

АКШнын Россиядагы мурдагы элчиси, экс-президент Барак Обаманын мурдагы жардамчысы Майк Макфол Кыргызстандагы президенттик шайлоону абдан эмоционалдуу четке какты. “Абдан өкүнүчтүү. Кыргызстан демократия боюнча абдан чоң үмүт жараткан”, — деп жазат ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына.

Борбор Азиядагы демократтардын, оппозиция өкүлдөрүнүн, Европа Биримдигинин өкүлдөрүнүн биздеги шайлоого жогору баа берип жатканы, аймакта болуп көрбөгөндөй окуянын болгонун айтып жатканы чындык. Майк Макфол кандай негиздерге таянуу менен мындай ачууга алдырган билдирүү менен чыгып жатышы мүмкүн?

Мунун баары жөнөкөй. АКШнын мурдагы элчиси Бабановдун жеңилип калышын четке кагып жатышы мүмкүн. Эми баарын ордуна келди. Макфолдун ачууга алдырып жатканына Бабановдун жеңилиши себеп болду.

Негизи кызык эле болду. Бир тарабында Назарбаев өзүнүн олигархтары менен, бир тарабында Батыш. Эми Эдилчик Байсалов, бөйөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, активисттер эмне үчүн Бабановго чуркап жатканы белгилүү болду. Өздөрүн “Таза шайлоо үчүн” деп атап алган топтун Роза Отунбаева, Равшан Жээнбеков сыяктуу мүчөлөрүнүн да чыныгы жүзү ачылды. Анын ичинде аксакал саясатчы Феликс Куловдун  бет кабы “сыйрылды”. Демек, бул уюм батыштык кураторлордун жана Бабановдун колдоосу менен Сооронбай Жээнбековго каршы түзүлгөн. Албетте, каржы жагы да чечилген.

Р.Отунбаева, Б.Макенбаев, Р.Жээнбеков сыяктуу саясатчылар, бөйөкмөт уюмдун мүчөлөрү АКШнын Мамлекеткеттик Катчылыгы менен абдан тыгыз кызматташып келгени эч кимге жашыруун эмес. Демек, Бабанов президент болсо Батыштын таламын талашмак, Россиядан жүз үйрүмөк. Назарбаевдин кыргыз-казак чек арасын жапканы, ал жерде маселе жаратканы, аны менен ЕврАзЭС уюмуна көлөкө түшүрүү, мунун баары Кремлге каршы тымызын кутумдай.

Ушул жерден дагы бир версияны келтирсек болот. Назарбаев Бабановду дагы кандай күчтөр колдоп жатканын эч качан билбей койбойт. Мүмкүн казак президенти эки оюнга аралашып жаткандыр. Канткен менен Назарбаев Батыштын саясатчыларынын жетегине кирбейт деп ишенели, бирок анын океандын ары жагындагы банктарында жашырган миллиарддаган доллары бар. Алар шылтоо таап казак президентинин бул эсептерин камакка алып коюушу да мүмкүн. Назарбаевди ушул маселе чочулатып, ЕврАзЭСтин аброюна шек келтирип жатышы да ыктымал.

Мунун баары демократия деп кыйкырган Батыштын эки жүзүүлүгүн көрсөтүүдө. Анткени, алар президенттик башкарууну, авторитардык бийликти орнотууну убада кылган, супер президенттик башкарууну киргизем деген Бабановду колдоду.

Макфолдун эскертүүсү Бабановдун артында кимдер “ойноп” жатканын ачыктады. Эми ОБСЕ сыяктуу уюмдар Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу мыйзам буузуларды айтып чыгат. Отунбаева, Байсалов сыяктуу бөйөкмөтчүлөр добуш берүү бурмаланды деп кыйкырып чыгышы толук мүмкүн. Мунун баары белгилүү. Бирок, булардын аракеттери демократияны талкалайт. А чынында бул адамдар демократияны жамынган эки жүздүүлөр, керек болсо Акаев менен Бакиевдин доорундагы Конституцияны кайтарам дегендерди колдойт.

Эң өкүнүчтүүсү айрым россиялык эксперттер менен ММКлар тышкы оюнчулардын пешкасына айланып калды. Алар Путинге каршы чыгуу менен ЕврАзЭСке маселе жаратууну гана максат кылгандар. Силерди абдан жакшы пайдаланып жатат. Убактысы келгенде кол жолуктай таштандыга ыргытат.