Домой Саясат Уурдасаң Текебаевдей камаласың деген түшүнүк кыргыз коомчулугуна сиңиши керек

Уурдасаң Текебаевдей камаласың деген түшүнүк кыргыз коомчулугуна сиңиши керек

45

    como comprar viagra en estados unidos. 103368820516-августта Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу “Ата Мекен” партиясынын паракорчулукка шектелген лидери Өмүрбек Текебаев менен ушул партиянын дагы бир мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновго карата өкүм чыгарды.  Райондук сот эки саясатчыга 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салып, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратты.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин артынан паракорчулук боюнча кылмыш иши козголгонго чейин эле көптөгөн сөздөр ээрчип, анын 2010-жылдагы мародорчулуктун башында турганы да айтылган. Текебаев мародер деген сөздү укканда чычалап, далай саясатчылар менен ушул сөзү үчүн мамилесин бузган жайы да бар. Аягында “чын чычалайт” болуп “Ата Мекен” партиясынын мародерчулугу толугу менен далилденди. Учурда экс-депутат Райкан Төлөгөнов соттолуп жатса, дагы бир катар фигураларга кылмыш иши козголгону турат.

Ал эми 2017-жылдын февраль айында россиялык ишкер Леонид Маевский Өмүрбек Чиркешовичтин чыныгы жүзүн ачып, анын пара алганын айтып чыкты. Маевскийдин мындай билдирүүсүн аталган коррупциялык ишке катышкан бир топ күбөлөр тастыктап берди. Текебаев менен “Ата Мекен” партиясы Леонид Маевскийди аферистке, шылуунга чыгарып, аны жамандоого бар күчүн жумшаганы менен паракорчулуктун изин Өмүрбек Чиркешовичтин жанында жүргөн жансакчысы сыяктуу адамдар тастыктап койду.

Текебаев өзүнө алгач кылмыш иши козголгондо Маевскийди такыр тааныбасын, аны менен өмүрүндө жолукпаганын айтып танган. Бирок, соттун жүрүшүндө далай күбөлөр Текебаевдин “Супара” эс алуу борборунда, керек болсо Москвага чейин учуп барып, ал жактан да Маевский менен жолукканын айтып берген. Ошондо гана Текебеав россиялык ишкер менен 2 жолу кезиккенин моюнга алып, алгачкы көрсөтмөсүн 3 ирет өзгөрттү.

 

Маевский Текебаевден кайтарган акчасын кайрымдуулукка жумшайт

Эми Текебаев мунапыс жана тергөө абагында өткөргөн күндөрүн кошпогондо 4,5 жыл күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөйт. Ал камактан чыккандан кийин 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштей албайт.

Учурда көпчүлүктү россиялык ишкер Маевскийдин 1 млн. долларынын тагдыры кызыктырууда. Текебаевге сот өкүмү чыккандан кийин Маевский үн катып, аталган каражаты өндүргөндөн кийин кыйрымдуулук иштерине жумшай турганын билдирди. “Мен Текебаев боюнча чыккан соттун өкүмүнө комментарий бере албаймын. Ага укугум да жок. Ал эми акчам кайтарылганда мен үчүн эч кандай маселе жаралбашы үчүн Кыргызстандагы кайрымдуулук иштерине коротом”, — дейт ал «Коммерсант» басылмасына берген маегинде.

Ошондой эле россиялык ишкер сотто Текебаевдин күнөөсү толугу менен далилденгенин белгилеп, бир эле жолу отурумга чакырылганын билдирип, иш үчүн дагы чакырса көрсөтмө берүүгө даяр экенин айткан. “Мени сотко бир эле жолу чакырды. Болгону 29-июнда гана көрсөтмө бердим. Эгер иштин кызыкчылыгы үчүн дагы чакырса көрсөтмө берүүгө даярмын”, — дейт ал.

Маевский кыргыз саясатына эч качан кызыкпай турганын айтып, өзү берген 1 млн. доллар Текебаевдин үй мүлкү мамлекетке алынганда аны кайтырап алууну максат кылып, ошол эле учурда кайрымдуулукка жумшап коё турганын билдирген.

 

Текебаевдин кайсы мүлктөрү конфискацияланат?

Маалымат агенттиктеринен бири Өмүрбек Текебаевдин конфискациялана турган мүлктөрүнүн тизмесин анын мүлкүн камакка алуу тууралуу 2017-жылдын 15-мартында чыгарылган токтомдун негизинде жарыялады.

Тизме:

— Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жараке айылынын Ж.Үсөнов көчөсүндөгү №30 даректе жайгашкан жер тилке, Ө.Текебаевге катталган;

— Бишкек шаарынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүндөгү №111 үйдөгү 24-батир, жубайы Айгүл Текебаевага катталган;

— Бишкек шаарынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүндөгү №111 үйдөгү №12 унаалар токтоочу жай, жубайы Айгүл Текебаевага катталган;

— Бишкек шаарынын Баетов көчөсүндө жайгашкан №74 үйдөгү 19-батир, жубайына катталган;

— Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндө №402 даректе жайгашкан турак жай эмес имарат жана жер тилке, жубайына катталган;

— Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылынын Балык-Кумар көчөсүнүн №46 дарегиндеги жер тилке, жубайына катталган;

— Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Арал айылында Чычкан көчөсүндө жайгашкан турак жай эмес имарат жана жер тилке, жубайына катталган;

— 1995-жылы чыгарылган «ГАЗ-31029» үлгүсүндөгү унаа, Ө.Текебаевге катталган;

— 2005-жылы чыгарылган «Тойота РАВ4» үлгүсүндөгү унаа, жубайына катталган.

Ошондой эле, 2006-жылы чыгарылган Toyota 4Ranner үлгүсүндөгү унааны камакка алуу тууралуу токтом бар. Ал Чотоновдун наамына катталган.

 

Эл анча биле бербеген Текебаевдин мүлктөрү да мамлекетке чегерилиши керек

Мыйзам баарына бирдей жана аны кынтыксыз аткаруу ар бир жарандын милдети. Муну өзүн “Конституциянын атасы” атап келген Текебаев да айтып келген. Эми Өмүрбек Чиркешович күнөөлүү деп табылгандан кийин, сот мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгаргандан кийин бул мыйзам аткарылышы керек. Жогорудагы тизмеге кирбей калган, бирок Текебаев ээлик кылган мүлктөр да бир топ. Маселен, Текебаев 2010-жылдагы апрель революциясынан кийинки аз убакыт ичинде ээ болгон КТРКнын артында, Рыскулов көчөсүндө жайгашкан 4 кабаттуу кеңсе бар. Бул кеңсени Текебаев журналисттерге көрсөтүп жатып, кыска аралыкта “спонсорлордун” жардамы менен тургузганын айтып мактанган. Бул кеңсенин учурдагы базар баасы бери дегенде 50 млн. сомду чамалайт.

Ошондой эле Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсү № 402 дарегинде жалпы аянты 300 чарчы метрге жеткен имарат бар. Анда бүгүнкү күндө «Супер инфо» гезитинин редакциясы жайгашкан. Анын базар баасы 50 миллион сомду (600 миң доллар) чапчыйт. Айрым маалыматтарга караганда бул имаратты Текебаевге АкаевҮзөңгү-Куушту Кытайга берүү үчүн кворум түзүп бергенине белек кылган. Борбор калаабыздагы К. Акиев көчөсүндө жалпы аянты 700 чарчы метрди түзгөн элиталык кеңсеси бар. Анын базар баасы 70 миллион сомду (1 миллион доллар) чапчыйт.

Кыскасы 2010-жылдан кийин заматта миллионерге айланган Текебаевдин “куса” турган учуру келди. Эми мыйзам чегинде анын мүлктөрүн мамлекетке чегерип, Маевскийдин акчасын да кайтарып берүү керек. Ал эми Өмүрбек Чиркешовичтин бул тагдыры башка саясатчыларга үлгү болуп, уурадасаң Текебаевдей камаласың деген түшүнүк кыргыз коомчулугуна сиңиши керек.