Домой Саясат Искендер МАТРАИМОВ, ЖК депутаты: “Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматты абийирдүүлүк, ак ниеттүүлүк...

Искендер МАТРАИМОВ, ЖК депутаты: “Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматты абийирдүүлүк, ак ниеттүүлүк менен аткарды”

38

tramadol fedex overnight shipping.      14427.jpg_w400_h267_crop

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков отставкага кетти. Буга чейин ага айрым оппоненттери “Жээнбеков өкмөт башчылыктан кетпейт, шайлоодо административдик ресурсту колдонот” деп доомат коюп келишкен. Ал эми Сооронбай Жээнбеков өзү “шайлоодо баардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлсүн” деп кызматын өткөрүп берди. Өкмөт башчысынын бул аракетин депутат катары кандай баалайсыз?

— Ар бир нерсенин өз убакыт-сааты болот эмеспи. Биз көп учурда пендечилик кылып шашыла беребиз. Мына, Сооронбай Шариповичтин дагы өкмөт башчылыкты өткөрүп берээр убакыт-сааты келди. Бирок, анын премьер-министрлик кызматын тапшырганга чейин оппоненттери “административдик ресурсту колдонот” деген өңдүү ар түрдүү сөздөрдү чыгарышып, интрига кылып жиберишти. Бүгүнкү күнү президенттик шайлоого карай расмий шайлоо агитациясы баштала элек. Ага чейин эле Сооронбай Жээнбеков кызматын өткөрүп берип, жигиттик кадам жасады.

— Сооронбай Жээнбеков өзүнө ишенгени үчүн ушундай кадамдарга барып жатат десек болобу?

— Албетте, бул киши биринчи Кудайга, анан өзүнө ишенет. Баардык нерсе биринчи Кудайдан. Ошон үчүн Сооронбай Шарипович кызматын өткөрүп бергени эң туура болуп, шайлоого баардык талапкерлер тең кетели деп өзүнүн алдына максат кылып коюп алса керек.

— Сооронбай Жээнбеков 1,5 жылдык өкмөт башчылык кызматында кандай иштеди?

— 1,5 жылдык өкмөттү жетектөөдө бул инсан эч кандай саясатка аралашпай, абдан жакшы иштеди. Бул аралыкта ИДП көлөмү өсүп, өлкөнүн экспорту кадимкидей жанданды. Кезегинде Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдык ишине парламент да оң баасын берип, бул кишинин аракетин абдан жакшы баалашкан. Өкмөттүн тизгинин кыйын учурда алып, ишти ырааттуу аркалап берди. Премьер-министр катары өзүн тажрыйбалуу мамлекетчил инсан, чыныгы чарбакер экенин далилдей алды. Мойнуна жүктөлгөн эл-журттун түйшүгүн абийирдүүлүк, ак ниеттүүлүк менен аткаруу аркылуу бүгүн ордун өткөрүп берип, президенттик шайлоого карай аттанды.