Домой Саясат Турганбаев “Коопсуз шаар” долбоорундагы коррупциянын четин гана айтты

Турганбаев “Коопсуз шаар” долбоорундагы коррупциянын четин гана айтты

71

Мелис Турганбаев

Аз күн мурун Ички иштер министри Мелис Турганбаев Жогорку  Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынына катышып, “Коопсуз шаар” долбоору жана ага байланыштуу чыр-чатактардын күнгөй-тескейине токтолуп, бул маселеде бир топ эле агынан жарылып берди. Ал дагы бир ирет “Стилисофт” компаниясы менен мыйзам бузуулар менен коштолуп, түзүлгөн келишим боюнча жоопкер болбой турганын баса белгиледи. Министр өз сөзүндө:

“Баары мени Турганбаев бул долбоорго кол койбой жатат деп ойлошот. Бирок, бул туура эмес. Кол койбогонумдун жүйөөлүү себептери бар. Тендердик комиссиянын мүчөлөрү адистер эмес болчу, аларга сонун мультфильмди көрсөтүп коюшту, андыктан алар ишенип алышты. “Стилисофт” компаниясы ал тургай тендердин биринчи этабынан да өтпөшү керек болчу. Тендердик комиссиянын мүчөлөрү коррупциялык иштерге аралашкандыгы тууралуу маалыматтар бар. Ал маалыматтарды УКМК да билет. Эгер Каржы министри ал тендерди туура өткөн деп эсептесе, анда документке кол коё берсин. Каржы министри, вице-премьерлер кол коюшканга укуктуу да. Судьялар бир жылдан бери бул ишти өздөрү каалагандай кылып жатышат. Бирок, жыйынтыгында бул иште ИИМ гана күнөөлүү болуп турат. Ооба, биз бул долбоордун демилгечиси болгонбуз. Бирок, тендердик комиссияда талапка ылайык келбеген адамдар олтурушту да, арасында алдамчылар болгон. Алардын айрымдарына биз 2010 жылы “афёра” боюнча кылмыш козгогонбуз” –деп буга чейин анча ачык болбой келген маселени толук болбосо да бир аз  ачыкка чыгарып, андан ары:

“Коопсуз шаар” долбооруна өкмөт каржылык жагынан жардам берсе, анда ИИМ өз күчү менен бул ишти талапка ылайык ишке ашырууга күчү жетет. 2015-жылы МАИ кызматкерлери мамбюджетке 300 млн. сом пайда келтирди. Эгер ошол акчанын жарымын ушул долбоорго калтырышканда, эмдигиче бул жаатта жетишерлик иштер аткарылмак». Учурда Молдовада эң жакшы видеокөзөмөл иштеп жатканын дагы кошумчалады. «Азыр жаңы мэр келди. Ал шаардык бюджеттен жардам берсе, анда биз “Коопсуз шаар” долбоорун этап менен бүт шаарда ишке киргизебиз”.

Чынында Мелис Турганбаев “Коопсуз шаар” долбооруна байланышкан коррупциянын жарым-жартылайын гана ачыктады. Демек, “Стилософт” компаниясынын мыйзам бузууларын жана аны сүрөгөн аткаминерлердин аттары жакынкы мезгилде ачыкка чыгып, алар мыйзам чегинде жоопко тартылып калышы толук мүмкүн десек болот. Бирок, башкы милицияны да бул маселеде токтотуп турган бир себептер бар окшобойбу. Болбосо, дагы да терең айтат эле, балким эмки жолу айтаар…

Албетте, бийликтин бийик секисинде жүргөндөрдүн көбү аталган долбоордо абийирине камчы чаап, алкымын агытып, “пачка-пачка” “жашылбайларды”  кимдер, кайсы колу туткак коррупционерлер алышканын эң сонун билишет. Бирок, негедир, “карга, карганын көзүн чукубайт” болуп жашырып жатышат. Пара алып, “жарылганча” тоюп алгандар ушу тапта да үлкөн кызматта иштеп, көчүгү кыпылдап жүрүшөт. Дагы бир-эки шериктештери кызматтан айдалып кетсе да, “кызмат колдун кири” деп кара күчкө айта салып, достору менен  байма-бай шерине жеп, эски ордун эңсеп жүрүшөт. Бул коррупциялык схемага өткөн чакырылышта депутат болушкан айрым таасирдүү фигуралар кандайдыр бир деңгээлде аралашканы тууралуу да анча-мынча айтылган кептер бар. Ал эми УКМК бул иште көзүн “таңып” алып, “уктап” калган кишидей мемирейт өзүнчө эле. Төрага Абдил Сегизбаев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаева элге “секреттерден” айтып койсо, аларды жоопко тартып койсо, абройлору алда канча  көтөрүлүп калмак. Эгер Абдил мырза менен Индира айтып, “Коопсуз шаар” долбоорунан кимдер коколору “айрылганча” акча жегенин эртелеп айтышпаса, аны башкалар, балким депутаттар, эч болбоду дегенде бул маселеден кабары бар журналисттер бир күнү болбосо, бир күнү айтып, жазып чыгышат. Башкы милиция, генерал-майор Мелис Турганбаев да “Стилисофт” компаниясынын афёрасын жана аны алдыга сүрөгөндөрдү жоопко тартуу, жок эле дегенде жалпы маалыматты элге жар салышы зарыл. Антпесе, бул маселе Чубактын кунундай чубала берери турган иш.

Айбек Шамшыкеев