Аты-жыты белгисиз Бакыт Эсенбаева “Бир Бол” партиясы аркылуу депутат болуп келип, түз эле вице-спикердик кызматка олтуруп жатпайбы. Бирок, бир себептер менен ал депутаттыктан кетип ордуна Чолпон Жакупова менен Алтынай Өмүрбекова көрсөтүлүп жатат. “Бир Бол” партиясынан депутат болуп келген Чолпон Жакупованы журтчулук аздыр-көптүр таанып калды. Ал кыргызы үчүн орчун иш кыла элек, кылбайт деле го. Жалаң гана элинин кемчиликтерин чукуп четтин акчасына тунуп турган “азоо аттай жулкунган” неме болду. Ал эми “Республика-Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Алтынай Өмүрбекова көпчүлүктүн баамында токтоо, түз жүргөн жана да билими терең жан экендигин Ленин жана Свердлов райондорунда аким болуп турганда дурус көрсөттү. Кандай болсо да Алтынай Өмүрбекова ар тараптан Чолпон Жакуповага караганда сөөм жогору турган инсан жана да аталган кызматты мыкты аркалап кете алат.