Домой Кылмыш «Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун жетекчилеринин бири пара менен кармалды

«Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун жетекчилеринин бири пара менен кармалды

26

«Чакан ГЭС» ачык акционердик коомунун жетекчилеринин бири пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда, «Чакан ГЭСтин» жетекчилеринин бири А.М. курулуш иштери үчүн тендер өткөрүүдө жеке ишкерлерден келишимдеги сумманын 10 пайызын кайра талап кылган (откат).

«А.М. анын шарты четке кагылса, аткарылган иштер үчүн акча төлөөнү кечеңдетерин айтып, коркуткан», — дейт УКМК.

А.М. 150 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.