Домой Кылмыш Баткен облустук сотунун катчысы кармалды

Баткен облустук сотунун катчысы кармалды

7

Баткен облустук сотунун катчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облустук сотунун Ш. Х.у. аттуу катчысы мурда пара катары алган 300 миң сом акчаны кайтарып берип жаткан жеринен кармалган.

«Ш.Х.у. акчаны алып, соттордо оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүгө убада берген», — деп белгилейт УКМК.

Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.