Томскидеги радиоэлектроника жана башкаруу системасы мамлекеттик университетинин окумуштуулары (ТУСУР) тиричиликте колдонулуучу светодиоддук лампаларды депрессия оорусун дарылоо үчүн ыңгайлаштыруу жолдорун изилдеп жатышкан кези. Жарык терапиясы адамдын психоэмоционалдык абалын калыбына келтирүүдө көп жылдардан бери эле колдонулуп келет. Алар лампа жарыгынын эң эле аз бөлүгүнүн адамга тийгизген таасирин изилдеп, аны үй шартында колдонууга болорлук кылып иштеп чыгууну чечишти. Алар ойлоп тапкан светодиоддук көз айнектер адамдын чарчоосун жазып, денесин чыңдайт. Келечекте кадимки эле ар бирибиздин үйүбүздөгү лампалар жумуштан чарчап барганыбызда чарчообузду жазып, көңүлүбүздү ачарынан шек санабасак болот.