Домой Коом Бишкекте адамды жүзүнөн тааный турган 519 видеокамера иштеп баштады

Бишкекте адамды жүзүнөн тааный турган 519 видеокамера иштеп баштады

23

Бишкекте адамды жүзүнөн тааный турган 519 видеокамера бирдиктүү байкоо системасына кошулуп, иштеп баштады.

Учурда шаарды толугу менен видео байкоого алуу үчүн ар бир районго камералык көзөмөл системасы орнотулууда.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан ордо калаада кылмыштуулук менен күрөшүү максатында адамды жүзүнөн тааныган 2 миң 177 камера иштеп жатат. Камералар 360 градус айланып, 500 метрге чейин аралыктагы адамдарды тааныйт, — дешти ведомстводон.