Президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин бири Игорь Трофимов талапкерлердин тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.
Маалыматка караганда, Игорь Трофимов белгиленген 5 күндүн ичинде шайлоо фондун ачкан эмес. Ошондуктан, ал талапкерлердин тизмесинен четтетилген.
Эске салсак, буга чейин президенттикке ат салышуу үчүн БШКга арыз берген 62 жаштагы пенсионер Анвар Сартаев жана «Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо» фондунун президенти, 60 жаштагы Нусрет Мамедов өз арыздарын чакыртып алышкан.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага талапкер болуп катталууга жалпысынан 59 жаран арыз тапшырган, алардын 11ин партиялар көрсөтсө, 48и өзүн өзү көрсөткөн.