Кыргыз ѳкмөтүнүн 2017-жылдын январь-июнь айларындагы монополияга каршы аракети монополист субъектилердин баалар менен тарифтерди негизсиз жогорулатуусун тизгиндөөгө багытталды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга мына ушундай милдеттерди таккан эле.
Өкмөт мындан тышкары социалдык маанилүү товарлардын бааларына тынымсыз мониторинг жүргүзүүдө жана негизсиз жогорулоо байкалган учурларда ыкчам чара сунуштарын берип, керектөөчүлөрдун укуктарын коргоодо.
Монополисттик аракеттерге жол бербөө жана аларды чектөө максатында Кыргызстанда табигый монополия субъектилеринин Мамлекеттик реестри түзүлүп, 2017-жылдын 1-июлуна карата ага киргизилген чарбалык субъектилердин саны 75ке жетти, алардын 5и республикалык, 70и аймактык субъектилер болуп саналат. which erectile drug is the cheapest.
Табигый монополиялардын ишмердигин мамлекет тарабынан жөнгө салуу максатында алардын эсеп-чоттук 34 материалдары каралып, 84 товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жана тарифтери, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндөгү” мыйзамдын 7-беренесине ылайык, товарларды сатып алуу жана кызмат көрсөтүү боюнча 5 келишимдин үлгүсү макулдашылды. Табигый монополия субъектилерин жөнгө салуу поцессинде аталган мыйзамдын 10-беренесин бузгандыгы үчүн 3 көрсөтмө берилип, алардын 2си четтетилди.
2017-жылдын биринчи жарымында физикалык жана юридикалык жактардын 22 арызы каралды, 15 чарбалык субъекти текшерилди, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында монополияга каршы мыйзам бузуулар боюнча 11 чечим, мындан тышкары, 63,419 миллион сом суммасындагы айыптар жана экономикалык санкцияларды колдонуу боюнча чечимдер кабыл алынды. Монополияга каршы мыйзам бузууларды четтетүү боюнча 20 көрсөтмө берилип, алардын 16сы аткарылды.
Отчеттук мезгилде бөтөн соода белгисин мыйзамсыз пайдалануулар түрүндө Кыргыз республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамынын 8-беренеси бузулган 10 учур аныкталып, алар да четтетилди.
Административдик тоскоолдуктарды жеңилдетүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүү максатында, аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүмдөрүнүн акылуу кызматтарын жөнгө салуу боюнча жумуштар аткарылды. Ушул жылдын биринчи жарымында аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү акылуу кызматтардын (жумуштардын) 2433 баасы макулдашылды. Өкмөт тарабынан тарифтерди макулдашуу процессинде бааларга көрсөтүлүүчү кызматтардын чыгымдарын коштурбоого аракеттер жасалууда. Ушундай аракеттердин натыйжасында, аткаруу бийлигинин органдарына 1,488 миллион сомдук айыптар менен экономикалык санкцияларды колдонуу чечими кабыл алынды. Аныкталган тартип бузуулар боюнча 3,875 миллион сомго кайра эсептешүүлөр жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы №537 “Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуп жаткан товарлардын контролдук бааларынын минималдуу деңгээлин аныктоо, колдонуу жана көзөмөлдөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун жүзөгө ашыруу максатында министрлер кабинети тарабынан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерден өлкөбүздүн аймагына импорттолуп жаткан 10 аталыштагы товарга контролдук баалардын минималдуу деңгээли белгиленип, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташылуучу ошондой товарлардын тизмесине киргизилди.