Домой Саясат Төңкөрүшчү Масалиевди төргө эч ким олтургузбайт

Төңкөрүшчү Масалиевди төргө эч ким олтургузбайт

87

Искак Масалиев

Чыныбай Турсунбековдун спикерликке болгон талапкерлигин ЖКдагы бардык фракциялар, тиешелүү комитеттер да колдоп берди. Бирок, бул маселе боюнча позициясын билдирүү кезеги кечээ күнү келген “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы, анын лидери Бакыт Төрөбаев акыры “Коммунисттерден” “Өнүгүүгө” өткөн төңкөрүшчү Искак Масалиевди спикерликке талапкер кылып, тандап алып чыкты. Мындай чечим фракциянын кечээки жыйынында кабыл алынды. Кыязы, Турсунбековду спикерликке жалгыз талапкер болушун туура көрбөй, мунун менен ал өткөн жумада өзүнүн спикерликке өтпөй калышы боюнча таарынганын билдирип жаткан окшобойбу. Негизи Бакыт мырза спикерди шайлоо атаандаштык негизде өтүшүн каалайт. Бирок ал каалоонун артында бир сыр жатканын болгоолосок болот, ал сыр көп өтпөй ачыкка чыгышы толук мүмкүн. Ал эми спикер болом деп өпкөөсү көөп жаткан Масалиев башынан эле мандемдүү адам. Сыймыктуу атасынын атын булгап, көп ирет кеп сөзгө калып, катуу сындарга кабылып келет. Былыктары көп. 2010-жылы 7-апрелден кийин “устаты” Үсөн Сыдыков менен биригип алып, бийликти басып алууну паландап, бирок анысы ишке ашпай калганын, ошол кезде жакшы эле абийири төгүлгөнү менен, эч кандай жоопко тарталбай кутулуп кеткенин эл унута элек. Ал аз келгенсип, андан кийин  “табакташы” Жантөрө Сатыбалдиев аны сыйлап, Салык кызматын каалашынча башкартып койду. Ал жердеги ишмердүүлүгү тууралуу дагы көп сөздөр айтылып жүрөт. Эми ушундай төңкөрүшчү адамды Төрөбаев спикерликке түртүп жатканы жакшы көрүнүш эмес. Мандемдүү Масалиевден көрө, ага караганда кыйла таза, кыйла келечеги бар Мирлан Бакировду алып чыкса, алда канч абийир болмок. Чынында Жогорку Кеңештин 120 депутатынын басымдуу бөлүгү иши чатак Искак аксакалды төргө олтургузбайт, себеби анын басып өткөн балчыктуу жолун, дараметин, мамлекетке кылган чыккынчылыгын эң сонун билишет да. Бирок ким билет, депутаттардын арасында да бир топ “дөдөйлөр”, жердешчиликке алдыргандар, акчага сатылгандар да көп. Арийне, мындай көрүнүштү да унутпашыбыз абзел. Айрым бир маалыматтарга караганда, Масалиевди “Өнүгүү-Прогресс” жөн жерден алып чыккан жок, бул маселе боюнча сырткы күчтөр дагы өтө керектүү жардамдарды берип жатышы толук мүмкүн экен. Кандай болгон күндө да Бакыт мырза бийликке таарынып коалициядан чыгып кетүүнү ойлоп койсо керек. Бирок эшикти шарт жаап салышы оңойго турбайт.  Анткени, көп нерседен уттурат, утушу кыйын.