Домой Шайлоо 2020 Сынга кабылган Спикер

Сынга кабылган Спикер

204

“Кыргызстан” партиясынын пиар компаниясы дарегине көп терс пикирлерди угуп жатышат. Баннерлердеги каталары боюнча талкуу бүтө электе эле Спикердин жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү бергени социалдык тармактарда катуу сынга алынууда. Айзада Жамгырчиеванын социалдык баракчасына «Алгачкы «50 миң сом» сүйүнчү пул алган бөбөгүбүз» — деп Дастан Жумабековдун жана жаңы төрөгөн келиндин сүрөтүн чыгарганы буга себеп болду.  Албетте, бир жагынан алганда Дастан Жумабеков учурда ЖКнын мыйзамдуу Спикери. Бирок Дастан Артисбекович талапкер экенин эсинен чыгарбашы керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого аттанган талапкерлер үгүт учурда кайрымдуулук иштер менен алектенбеши, жарандарга акчалай жардам бербеши керек экенин эскерткен. Анткени, шайлоо эрежесине ылайык, үгүт маалында адамдарга берилген материалдык жардамдын баары добуш сатып алуу болуп саналат.

Спикердин басма сөз катчысы окуяга мындай түшүндүрмө берди:

«Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аркалай берет. Уулдуу болгон келин баласына спикердин атын койгон экен. Ошого акчалай жардам көрсөттү. Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөлү». Анын артынан Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрага акчаны үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары бергенин билдирди.

Буга чейин  БШК «Кыргызстан» саясий партиясына балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн эскертүү берген.