Биз «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди тажрыйбалуу, такшалып калган саясатчы деп адашып эле жүрсөк керек. Албетте, ал мыйзамды жаза алат, саясый оюндарды уюштура алат, кооз сүйлөйт. Бирок, бул жолку анын кооз сүйлөгөнү — өзүнчө эле жомокко айланып баратат. Такшалган, тажрыйбалуу саясатчы жомок айтып атса, аргаң кетет экен. «Бул эмне карылыктын белгисиби, же акыл-эсинин, тажрыйбасы менен билиминин ченеми ушул эле беле?» деген суроону жолдогондор көп.
Маселен, азыркы тапта Текебаев жана анын тарапташтары, адвокаттары Маевскийден эч кандай бир миллион доллар пара алган эместигин айтып, актанып отурушат. Бирок, ошол эле убакта кайра алар «Эмнеге силер 1 миллион доллар пара берип аткан Маевскийди камабайсыңар, кылмыш ишин ачпайсыңар?» деген суроону коюшканын көрдүк. Таң калычтуу карама-каршылык бекен? Өздөрү «Текебаев бир миллион доллар пара алган эмес» дешет дагы, кайра «Маевский бир миллион доллар пара берген, аны камагыла» дешет. Эгерде алар «Маевский жалган маалымат берип, жалгандан айыптап атат, ошондуктан ага кылмыш ишин козгогула» деп айтып атышкан болсо да кеп башкача болмок да, туурабы?
Ал эми сот процессине келип, Текебаевди коргоого алып аткан күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү да кызык болуп отурат. Маселен, Ө. Текебаев менен узак жылдардан бери үзөңгүлөш болуп келаткан Болот Шер «Текебаевден да, Чотоновдон да Леонид Маевский тууралуу да, Алексей Модин тууралуу да, 1 миллион доллар тууралуу да такыр укпагам» деп билдирди 19-июлда.
Болот Шерди күбө катары чакырып, анын ушундай көрсөтмөсүн алуунун зарылчылыгы бар беле? Ага чейин бир ай мурун эле сотто Текебаев Маевский менен тааныш экенин мойнуна алган да. Өмүрбек мырза Маевский менен эки ирет жолугушканын сот процессинин жүрүшүндө айтып берген.
«2010-жылы майда мен Москвада болдум. 5-майдан 11-майга чейин мен Европада парламенттер аралык ассмаблеяда болгом. Ооба, биз эки жолу жолукканбыз, анын ичинде 2010-жылы августь айынын аягында да. Анда шайлоо алдындагы кампания жүрүп аткан. Менин штабчыларым Россияга барыш керек экенин айтышты. Чотонов телефон чалып, Бишкекте Кремль менен байланышы бар жигит бар экенин айтты. Ошондо биз аны менен «Супарада» жолуктук, ал Россия Федерациясына сапарды жакшылап чагылдырып берүүнү камсыздоону убада кылды. Бирок, Маевский убада кылган жолугушуу жогорку деңгээлде болгон жок», — деген Текебаев.
«Маевский телефон чалып, аэропорттон баратып анын офисине кайрылып кетүүнү суранды. Мен анын өкүлчүлүк классындагы машинесинде бараткандыктан, анын суранычынан баш тартуу ыңгайсыз болду. Мени менен алты адам бар болчу, жолугушуу чоң эмес ашканада өттү. Биз тамактандык, ал бир нече дежур тостторун айтты, ак жол каалады. Ошол эле күнү мен Бишкекте кайтып келдим», деген андан ары Текебаев сот процессинде.
Текебаевдин бул айткандарында логикалык жактан бири-бирине дал келбеген көп жагдайлар бар. Жаш баланын ата-энесин алдагысы келгениндей эле версия болуп калган. Текебаев өзүнүн айткандары менен Маевскийди кандайдыр бир саясый пиарщик катары сүрөттөйт. Маевскийге Текебаев жагып калганы үчүн ал тууралуу Россияга жана Кремлге кеңири маалымат жеткирүүнү көздөгөн пиарщик болуп калгандай. Ал Текебаевди көрө калып эле, аны өтө жактырып калып, анан ал Москвага келсе бекер транспортун берип, анан ал тууралуу ММКларга бекер макалаларды жарыялай турганын убада кылып жана бекер эле курсагын тойгузуп узаткан турбайбы. Бир көрүп эле пайда боло калган сүйүүдөй болуп атабы? Бирок, биз 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында «Ата-Мекен» партиясынын үгүт жарнактары бак-дарактарда жана көп кабаттуу үйлөрдүн подьезддеринде гана клей менен жабыштырылып турганын көрбөдүк беле? Ошол убакта Текебаевге өзүнүн автоунааларын бекер пайдаланууга бергендерден болгону экөө гана болгон – Ө. Абдрахманов жана К. Самаков. Албетте, бул экөө автоунааларын бекер бергенинин себеби – Текебаевдин партиясы менен Жогорку Кеңешке келүү болгон.
Ушул жерден белгилей кетүүчү жагдай – Маевский эч качан пиарщик болгон эмес жана пиар-контор кармаган да эмес. Ал бизнесмен катары гана көбүрөөк таанымал. Маселен, ал буга чейин 2003-жылы «Мегафон» уюлдук байланыш операторунун тосмолоочу акцияларынын паектине ээ болгон LV Finance инвестициялык компаниясынын директору болгон. 2008-жылдын октябрында Маевский «Универсал-телеком» компаниясынын 50%ын ГЛОНАСС жана GPS базасында геомониторинг менен алектенген «Мегафондун» ири акционери Алишер Усмановго саткан.Россия жана КМШда телекоммуникациялык долбоорлор менен иштеген. Анын катышуусу менен Россия Федерациясынын бардык территориясында радиожыштык спектринде конверсиялык иштер жүргүзүлгөн. Ошол эле жылы Леонид Маевский ири өндүрүшчүдөн «Архыз» минералдык сууну сатып алган.
Мунун баарын биз эмнеге айтып атабыз? Маевскийдин пиарщик эмес, бизнесмен экендигин билдирүү үчүн. Кеп Маевскийдин жакшы же жаман адам экендиги тууралуу эмес, анын журналист эмес экендиги жана пиар менен алектенген бизнесмен эмес экендиги тууралуу болуп атат.
Эми жакшылап анализдейли, эки жыл мурун (2008-жылы) Усманов менен миллиондорду ичине камтыган келишимди түзгөн Маевский 2010-жылы Текебаевдин пиарын жүргүзүүгө кызмат кылып калмак беле? Эгерде ошондой болгон болсо, анда Маевский түзгөн медиа-план кайда? ММКлардын тизмеси жана пиардын баасы көрсөтүлгөн документтер кана? Эгерде кимдир-бирөө москвалык ММКлар Борбордук Азиянын саясатчыларын бекер эле чагылдырып берет деп ойлонсо, анда ал Россия Федерациясынын ММКлары тууралуу таптакыр түшүнүгү жок. Бир дагы россиялык ММК эгерде алдын ала акча төлөө болбосо биздин саясатчылар менен пиар жаатында иштешпейт. Маевский менен Текебаевдин ортосундагы ММК кызматтары үчүн келишим кана, түзүлдү беле?
Текебаевдин айтымында ал Москвага Кремлдегилер менен жолугушуу жана өзүнүн сапарын ММК аркылуу чагылдыруу максатында барган болуп атат. «Маевский мени пиар кылышы керек болчу» дейт ал. Эмнеге? Эмнеге Текебаев анын автоунаасында бекер эле Москваны кыдырып жүрдү? Эгерде россиялык бизнесмен Текебаевди пиарлоо аркылуу акча табууну көздөгөн болсо, анда албетте ага кызмат кылган транспорту үчүн да акы төлөөнү талап кылмак. Транспортту колдонгону үчүн эсептелген документти алдына коймок. Бирок, андай документ жок болуп атпайбы.
Эгерде Текебаев менен Маевский бири-бирине кызмат көрсөтүүнү бартердик бүтүм аркылуу жүзөгө ашырууну макулдашкан болсо, анда Маевский Текебаевге Кремлдин эшигин ачып, ММК булактары аркылуу макалалардын сериясын жарыялоону камсыз кылмак дейли, ага жооп кылып Текебаев эмне кызмат кылып бермек? Өзүнүн сүрөтү чагылдырылган календарга «автограф» коюп берет беле?
Андыктан Текебаевдин айтып аткан версиясына ишенсек, биздин көз алдыбызга эки өспүрүм бала келет. Алар эмнени каалап атышканын өздөрү деле билбейт. Өзүңүздөр деле анализдеп көрүңүздөрчү, биринчиден, Маевский Бишкекке учуп келип, акчасын жана убактысын коротуп Текебаев менен ресторандан жолугуп атат. Анан Текебаевди бекер пиарлоо жана Путинге жолугууга жол ачуу боюнча макулдашып атат. Экинчиден, Текебаев Москвага учуп барат, аны Маевскийдин кымбат баалу автоунаасы менен адамдар тосуп алат, шаарды кыдыртат, курсагын тойгузат, бирок эч кандай пиар да, Кремлдеги жолугушуу да жок. Ачыгын айтканда Маевский Россиянын башчысына жакын персоналардан эмес. Андыктан Текебаевдин Кремль тууралуу айтып атканы жөн гана күлкү келтирет. Ал эми Маевский Текебаевди ушунчалык жакшы көрүп, аны өзү тосуп алып, шаар кыдыртып, курсагын тойгузуп, анан ага жолугуш үчүн кайра өзү Бишкекке учуп келип аткан болсо, анда Текебаевдин катышуусу менен маалымат жыйынын Москвада берип, он чакты макаланы ММК булактарына жарыялатып коюш анын колунан келмек. Болгону Текебаев менен Маевскийдин ортосунда пиар тууралуу макулдашуу такыр болгон эмес да.
Үчүнчүдөн, пиар жана жолугушуу болбой калды. Анда неге Текебаев «Сенин колуңдан пиар кылуу келбейт экен» деп Маевский менен кол үзгөн жок? Эмнеге Путин менен жолугушууга башка жол издеп, башка пиар-компания издебеди? Максаты Путинге жолугуу жана Россиянын территориясында өзүн пиар кылуу болсо, анда неге тез эле кайра Бишкекке учуп баса берет?
Андан кийин деле Бишкекке кайрадан Маевский учуп келет, кайрадан Текебаевдин кызыкчылыгы менен. Кайрадан Текебаевге жолугуу үчүн Маевский неге келди эле? Анын сүрөтү чагылдырылган календарды Текебаевдин «автографы» менен алыш үчүнбү?
Ток этерин айтканда Текебаевдин версиясы эки ак куунун бири-бирине арнаган «ак сүйүүсүндөй» эле болуп атпайбы? Же жалганбы?