«Таза шайлоо үчүн» кыймылы маалымат-жыйынын ɵткɵрдү. Маалымат жыйыны тууралуу кыска айта турга болсок, анда айтылгандар, журналисттердин суроолоруна берилген жооптор бир жактуулугу менен айырмаланды. Бабановчулдугу менен айырмаланды десек аша чапкандык болбойт, анткени, Ɵмүрбек Бабановдун пайдасына лобби ачык эле байкалды. Болбосо, алардын административдик ресурстун кеңири пайдаланылып жатканы, президенттикке талапкерди ММКларга чыгаруудагы тоскоолдуктар жɵнүндɵ айткандарын кандай түшүнɵбүз? Атүгүл Феликс Кулов бул жɵнүндɵ кызык пикир айтып, кыймылдын чыныгы максатын ачыктап салгандай деле болду.
2 4.kg маалымат агенттиги: «Парламенттин экс-депутаты Феликс Куловдун айтымында, үгүт мезгили таза эмес күрɵш ыкмаларына толтура болууда. Кээ бир ММКлар бардык талапкерлер боюнча жалган, ушакка толгон маалыматтарды таратып жатышат. Саясатчынын айтымында, бул жагынан КТРК менен ЭлТР алдына эч бирин ɵткɵргɵн жок. Феликс Куловдун айтымында, бул телеканалдарда СДПКнын талапкери Сооронбай Жээнбековдун дарегине гана компромат болгон жок», деп жазды.
Бул айтылганга анализ жүргүзɵ турган болсок, бир нерсе ɵзүнɵн ɵзү түшүнүктүү болот. Кɵрсɵ, кыймыл президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго каршы туруу максатында гана түзүлгɵн тура. Маалымат жыйынын ɵткɵргɵндɵр журналисттердин кыймылды Ɵ. Бабанов каржылай турганы жɵнүндɵ берген суроолорун бетке чапкандай эле кабыл алышты. Ал эми алардын мындай суроолорго олдоксон актануулары кɵргɵн адамда күлкүнү гана келтирди.
Кулов болсо Алмазбек Атамбаев айткан сурамжылоонун жыйынтыгына таянып, С. Жээнбеков менен Ɵ. Бабановдун рейтинги бирдей, 40 %дан дегенди таңуулаганга аракет кылды. Андан ары шайлоонун 2-айлампасы жɵнүндɵ сɵз кылып туруп алды. Бирок Атамбаев ɵзүнүн билдирүүсүндɵ Бабановду элдин 65 %ы колдоп жатканынан күмɵнү чоң экенин билдирген. Президенттик аппарат болсо бир катар социологиялык борборлордун сурамжылоолорун келтирип, Жээнбековго (40 %) караганда Бабановдун рейтинги (20 %) тɵмɵндɵп жатканын маалымдаган. Атүгүл бейɵкмɵт уюмдардын сурамжылоолору боююнча да С. Жээнбеков Ɵ.Бабановдон алдыда баратат.
«Таза шайлоо үчүн» кыймылынын жогорудагыдай билдирүүлɵрү электоратка таасир этүү, шайлоочуларга таңуулоо аракети эмей эмне? Анан да Бабановдун пайдасына таңуулоо болуп жатпайбы. Бир нерсе эске түшɵт, кезинде Феликс Кулов Кыргызстанды Россиянын бир облусуна айлантуу сунушун айткан. Ошондуктан анын Н. Назарбаевдин протежесине А. Атамбаевдин катуу каршы турганын түшүнүшү кыйын.
Ал эми Равшан Жээнбековдун кыймылдын бардык мүчɵлɵрү принципиалдуу, бардык бийлик тушунда чындыкты гана айтып келатканы жɵнүндɵ айткандары жɵн гана нонсенс. Уккан адамда аргасыз жылмаюуну гана пайда кылат. Бакиевдик парламенттин «акжолчу» депутаты Зайнидин Курманов жɵнүндɵ эмне айтса болот? Ушунчалык принципиалдуу болгондуктан, жакын досу Медет Садыркулов бакиевчилер тарабынан мыкаачылык менен ɵлтүрүлгɵндɵ да унчукпай олтурганынбы?
Роза Отунбаева болсо Убактылуу ɵкмɵтчүлɵрдɵн кол үзүп, морадерчулук маселесин кɵтɵрүп, талап-тоноочулук кылганы үчүн мурдагы соратниктерин да аябаган Алмаз Атамбаевге болгон таарынычын жашырган жок. Мындай шартта ɵткɵɵл мезгилдеги экс-президенттен калыстыкты, акыйкаттыкты күтүп кереги жок го.
Маалымат жыйындын жүрүшүндɵ, кыймылдын мүчɵлɵрүнүн бардык нааразылыктары, кыжырдануулары ɵлкɵ башчысынын дарегине багышталып жатты. Мындан башканы да күтүүнүн кереги жок болчу, себеби, маалымат-жыйындын катышуучуларынын баары антиатамбаевдик маанайда болуп жатса анан кандай болмок эле? Муну алардын интернет айдыңындагы баракчалары, социалдык тармактагы аккаунттары да далилдейт. Ал жактарда С. Жээнбековдун дарегине ачык эле жакшы эмес нерселерди жазып, айтып келишүүдɵ.
Кыймылдын ɵкүлдɵрү конкреттүү талапкерди колдоого алып жатканы үчүн А. Атамбаевди күнɵɵлɵгɵнгɵ чейин барышты. Бирок бирɵɵсү да А. Атамбаевдин Кыргызстандагы шайлоого кийлигишип жатканы үчүн Казакстандын президенти менен чет элдик олигархтарды сынга алган катуу сɵзүн мисал кылгандан башка бир да конкреттүү далил келтире алышпады. Бул чынында үгүт эмес, суверендүү ɵлкɵнүн нормалдуу реакциясы, жообу болуп жатпайбы.
А. Атамбаевдин аймактарга чыгып, С. Жээнбековго үгүт жүргүзүп жатат деп айткандары да далилдерсиз калды. Нормалдуу адам ММКларга кɵз жүгүртүп, социалдык тармактардагы видеолорду карап кɵрсɵ болот. Алардын баарында Атамбаев таза шайлоо ɵткɵрүү зарылдыгын айтып, административдик жана финансылык ресурстардын жетегинде калбоого чакырып келатат. Муну С. Жээнбеков үчүн жүргүзүлгɵн үгүт деп айтууга болобу?
Иши кылып бир нерсе айкын болуп калды, «Таза шайлоо үчүн» кыймылы президент Атамбаевди, президенттикке талапкер С. Жээнбековду жана 15-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын дискредитациялоо максатында түзүлгɵн экен. Ошондуктан кыймылды шайлоого байланыштуу калыс сɵз айтары жɵнүндɵ сɵз кылуу мүмкүн эмес.
«Жумшак күч» катары түзүлгɵн кыймылдар бир талапкердин кызыкчылыгында эмне деп айтып, коомчулукка эмнелерди таңуулабасын, бирок чет жерден байкап жаткандардын баары Кыргызстандагы шайлоо ɵнɵктүгүнɵ жогорку бааларын беришип, талапкерлердин ортосундагы саясий атаандаштыктын деңгээлине жогору бааларын беришүүдɵ.
Айбек СУЛТАНОВ, укук таануучу prednisone 20 mg for tennis elbow.