Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 43 өлкөдөн келген 277 эл аралык байкоочулар, 33 уюмдун, 77 жарандык коомдун, 16 саясий партиянын өкүлдөрү байкоо жүргүзүшөт. Бул тууралуу БШКнын маалымат бөлүмү билдирет.
Коомдук байкоочу — мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого, шайлоонун жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюму (мындан ары — коммерциялык эмес уюм) тарабынан дайындалган адам.
Эл аралык байкоочу — мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан өкүл болгон адам таанылат.
Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан өкүл эл аралык байкоочу боло алат.
булак: barometr.kg