Өмүрбек Бабановдун кылмыш дүйнөсүндөгү авторитеттер менен достугу тууралуу кептер бар. Ал алар менен өкмөт башчы болуп турган кезде достошкону белгилүү. Тактап айтканда, Өмүрбек мырза өкмөт башчы болуп турган кезинде өз токтому менен КМШ чөлкөмүндөгү уюшкан кылмыштуу топтордун бир нече өкүлдөрүнө тапанчаларды белекке бергени боюнча чоӊ чатак чыккан.
Азыркы заманга жараша уюшкан кылмыштуу топтор да иш “методдорун” өзгөртүп, илгеркиче бандитизм менен эмес, бизнесмен катары иш жасап калышканы белгилүү болду. Бизнес демекчи, уюшкан кылмыштуу топтор менен Өмүрбек Токтогуловичтин достугу да бизнеске байланыштуу.
Ө.Бабанов Бишкек жана Ош шаарларына «Коопсуз шаар» долбоорун орнотууга россиялык ишкерлерди, тагырагы, кримчөйрөнүн фирмалары менен кызматташып баштаган. Арасында Васильев аттуу кримтөбөл (кличкасы «Майкл») да бар болчу. «Майкл» Тверь облусу боюнча кримчөйрөнүн «аталыгы» катары таанымал. Премьер-министр Ө.Бабановдун атынан «именной» тапанча так ушул «Майклга» берилгени боюнча документтер бар.
Дагы бир айта кетчү жагдай, Ө.Бабанов чечен досу Муса Бажаев аркылуу Азиз Батукаев менен да мамиле түзүп, аны шайлоого колдонууга жетишиптир. Көрсө А.Батукаев аркылуу Кыргызстандагы айрым бир шайлоочулардын добушун алуу аракетинин сыры ушул жакта жаткан тура. А.Батукаевдин кубаты жетпей, М.Бажаев аркылуу Рамзан Кадыровго да “жуучу” жөнөткөнүн биздин кыргыз кримчөйрөсүнүн балдары анча жактыра бербей айтып жүрүшөт.