Домой Коом Шайлоо-2020: Тышкы күчтөрдүн таасири болобу?

Шайлоо-2020: Тышкы күчтөрдүн таасири болобу?

121

Аталган партия лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев чуулгандуу аудио тууралуу бүгүн өз баракчасында түшүндүрмө берди:

“Орусия менен сүйлөшөт деп атышат. “Ооба, чалыптыр, сүйлөшүп койдум”, дейт. “Мен чалган жокмун, аларды тааныбайм”, дейт. Максат Мамытканов аябай чынчыл бала, ал мекенине чыккынчылык кылбайт. Мекенине чыккынчылык кылгандар мына: партия башчылары Орусияга кошулалы деп отурат”.

“Кактус” онлайн басылмасы буга чейин орусиялык саясат талдоочу Александр Собяниндин кайсы бир конгрессте Кыргызстандагы дээрлик бардык партияларынын артында орусиялык күчтөр турат деген пикирин жазып чыккан эле.

“Жагабы же жакпайбы, бирок баарынын: түндүкпү-түштүкпү, исламчыл делип атканыбы, баарынын артында орус күчтөрү турат. Бул Орусиянын эмес, орусиялык топтордун, конкреттүү генерал, саясатчы, полковник, саясат талдоочу, чиновниктердин позициясы”, -дейт Собянин.

Жакында эле “Биримдик” лидери Марат Аманкуловдун “Эркиндик жакшы, бирок үйгө кайталы” деген видеосу чыгып, анын чуусуна БШК кечээ гана чекит койду. Аталган партия видеодо айтылгандар контекстен суурулган деп билдирип келет. Боршайком болсо Аманкуловду жарыштан четтетүү тууралуу жарандык активисттердин арызын канаттандырган жок.

Бир-эки партиянын аты аталып чуу жараткан бул окуялардан улам коомдук сайттарда Кыргызстан сырттан башкарылган “тактеке” өлкөгө айланып бара жатабы деген суроолор коюла баштады.

Орусиянын Кыргызстандын ички саясатына болгон таасири тууралуу мурдатан эле айтылып келет.

Бирок шайлоо алдында президент Сооронбай Жээнбеков Кремлде Путиндин кабылдоосунда болуп, сырткы күчтөр шайлоого таасир этүүгө аракет кылганы жатат деген сөзү талкууга жем таштады:

“Ким, кайсы тарап антип атканын президент айткан жок. Марат Аманкуловдун айткандарын эл талкуулап бүтө электе мындай айтканы, албетте, Орусиянын өзүнө шек ойлоп калат экенсиң. Бирок Путинге айтып аткандан кийин башка бирөө деп ойлоп калсаң керек. Президент ал айткан сөзүн айтып алып, Кыргызстандын коомчулугун кайсы бир деңгээлде табышмакта калтырды. Катуурак айтканда, чет мамлекеттин президентине барып, кайсы бир сырткы күчтөргө дооматтанганы түшүнбөстүк жаратты”,- дейт саясат талдоочу Эмилбек Жороев.

Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүгө айыптар бир гана Орусия эмес, АКШга карата да айтылып келет. Жергиликтүү айрым саясатчылар Жоогазын ыңкылабын Кошмо Штаттары уюштурган деген ишенимде.

2017-жылкы президенттик шайлоо алдында талапкер Өмүрбек Бабанов Нурсултан Назарбаевдин кабылдоосунда болуп, ал кийин кыргыз-казак мамилесинин солгундашына алып келген. Бозгундагы казак олигархы Мухтар Аблязов дагы Кыргызстанда орун алган 2005 жана 2010-жылдардагы окуяларга финансылык колдоо көрсөткөнү тууралуу айтканы бар.

Саясат талдоочулар дүйнөдө азыр өтө чоң геосаясий процесттер болуп жатканын белгилешет. Чыңалган АКШ-Кытай мамилеси, АКШ-Орусия алакасы, ал таптагы Кытай менен Орусиянын көшөгө артындагы оюндары, Кытай менен Индия ортосундагы кагылышууну мисал тартып, Эмилбек Жороев буларга токтолду:

“Биздин тегерегибизде ушундай болуп атканда Кыргызстан четте калып калбайт, кыйын болуп атат. Мындай кайчы кызыкчылыктар Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн, канткенде биз ошол таасирлерди мокотуп, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргоп калабыз деген суроо ар бир талапкер, партия эле эмес, президенттин да алдында болушу керек”.

Бүгүн Кыргызстанда үгүттүн акыркы күнү. Шайлоого он алты партия ат салышып, алардын ортосундагы атаандаштык курч мүнөздө өттү. EKa

булак: bbc.com