Домой Саясат Алмазбек КАРИМОВ, коомдук ишмер: “Президент чечкиндүү реформаларды жүргүзүүгө даяр экенин тастыктады, эми...

Алмазбек КАРИМОВ, коомдук ишмер: “Президент чечкиндүү реформаларды жүргүзүүгө даяр экенин тастыктады, эми коомчулуктан колдоо керек”

42

      1376383169_zagruzhennoe-32

 Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын, соттордун ишин катуу сынга алды. Өлкө башчысы оор кылмышкерди бошоткон сотторго мыйзамдуу чара көрүлөрүн белгилеп, айрым кылмыштуу аракеттерди укук коргоо органдары калкалап жатканын айтты. Өлкө башчысынын бул билдирүүсү канчалык негиздүү?

   Сооронбай Жээнбеков президент катары Конституциянын негизинде күч органдарын түздөн-түз көзөмөлгө алат. Тактап айтканда, алар президенттин түздөн-түз астында. Ал эми өлкө башчысынын бүгүнкү билдирүүлөрү өтө колдоого ала турган кадам. Аягына чыкпай калган сот реформасына көңүл буруп жатканы абдан жакшы. Чынында мыйзамды тоготпогон сотторду, прокурорлорду, милицияларды тазалаш керек. УКМК биринчи кезекте өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун коргогон орган болушу зарыл. Эң башкысы, президент бул билдирүүлөрү менен чечкиндүү реформаларды жүргүзүүгө даяр экенин тастыктады, эми коомчулуктан ага колдоо керек.

   С.Жээнбеков кайсы бир жерде жарандардын укугу тепселип жатса өзү жеке көзөмөлгө алып, ага кийлигише турганын билдирди. Эл шайлаган президенттин мындай кадамдарга баруусуна мыйзам жол береби?

prednizone sales.

    Президентти жалпы эл шайлаган. Ал Конституциянын кепилдиги жана журт башчысы Андыктан мындай кадамдарга баруусуна мыйзам түздөн-түз жол берет. Эгер Жээнбеков ушундай чечкиндүү кадамдарды жасаса, укук коргоо органдарын тартипке келтирип, ар биринен ай сайын отчет алып турса коомчулук катуу колдоо табат. Укук коргоо, сот тармагында тез эле тартип орнойт.