Домой Коом “Танк биатлон-2017” чемпионатында Кыргызстан 2-орунду ээледи

“Танк биатлон-2017” чемпионатында Кыргызстан 2-орунду ээледи

51

buy trazodone online overnight. e647be0f-f33f-4e09-a7f4-61cd699c2852 (1)

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин «Алабино» аскердик полигонунда бешинчи эл аралык «Танк биатлону-2017» чемпионаттыгы ѳткѳрүлүп жатат. Танктар жарышы мелдешинин расмий ачылышы 29-июлда башталган. 30-июлда 5 чакырымга созулган жарышта кыргызстандык танкисттер ылдам жүрүү жана ок атуу коштолгон жекече жарыштарда Россиянын танктарында Т-72Б менен маарага экинчи болуп келди. 1-орунда Россия  (19: 10) , 2-орунда Кыргызстан (29:59), Сербия 3-орунду (31:02) ээледи. Танктар жарышында кыргызстандык жоокерлер Кутманбек Надырбеков, Ильяз Кылчыкбаев, Жакшылык Марс уулу катышты. Эске салсак, 2017-жылдын 24-июлунда чемпионаттыкка катышуучулар чүчүкулак кармашкан. Кыргыз Республикасынын курама командасы жолдун түсү менен жүрүүнү баштоону кѳрсѳткѳн 4 номериндеги сары гильзаны алып жана Россия менен Сербиянын командаларынын тобуна кошулган. Жалпысынан бул чемпионатка Кыргызстандан 20 жоокер катышып жатат.