Домой Коом Россияда эмгек мигранттарынын тартыштыгы көйгөй жаратууда

Россияда эмгек мигранттарынын тартыштыгы көйгөй жаратууда

168

Россия эң оор жана аз айлык акы төлөнүүчү жумуштарда эмгек мигранттарына таянып келген. Мигранттар айрыкча курулуш жана айыл чарба сыяктуу тармактарда суроо-талапка ээ болуп келишкен. Эми, минтип пандемиянын айынан чек-аралардын жабылганына байланыштуу Россияда жумушчулардын тартыштыгы чоң маселе жаратты. Бул тууралуу “РИА Новости» жазган маалыматка шилтеме берип Барометр билдирет.

Эксперттердин айтымында, пандемия башталганга чейин Орусияда 10 миллиондой мигрант эмгектенсе, өткөн жылы алардын жарымы кетип калган. Бийлик коңгуроо кагып, алардын өлкөгө кирүүсүн жеңилдеткени жатат. Жумушчу тартыштыгынын шартында, Россиядан кетпей калып  калгандардын эмгек акылары кыйла жогорулаган.

Адвокат Валентина Чупиктин айтымында, мигранттарга пандемияга чейинки мезгилге салыштырмалуу жакшы кырдаал түзүлүп жатат.

Мигранттардын саны Россияда 2015-жылдан бери рублдин төмөндөшүнө байланыштуу азайып келе жатат. Эксперттердин айтымында, келечекте Россия жумушчу күчүнүн жетишсиздигине кабылып калышы мүмкүн, анткени, региондун көпчүлүк мигранттары башка өлкөлөргө — Европадан, Түркиядан жана Ирандан иш издөөгө умтулушат.