Домой Саясат Көп улуттуу Чүй өрөөнү Сооронбай Жээнбековду колдойт!

Көп улуттуу Чүй өрөөнү Сооронбай Жээнбековду колдойт!

46

marcos feliciano. I28A3991

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда, үгүт кампаниясын Чүй облусунун Ысык-Ата жана Сокулук райондорунда улантты.

Сооронбай Жээнбеков шайлоочуларды өлкөнү өнүктүрүү туурасында жөнөкөй жана реалдуу тезистер тизмектелген өзүнүн «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок» аттуу программасы менен тааныштырып, кыска убакыт ичинде олуттуу жетишкендиктер болгондугун белгиледи.

«Кыргызстандын келечеги – Евразия экономикалык биримдигинин курамында! Биз бул уюмга киргенибиз өз жемишин бере баштады. Россиядагы эмгек мигранттарыбыз жергиликтүү жарандар менен бирдей укуктарга ээ болуп, шык-жөндөмүнө жана билим деңгээлине жараша жакшы айлык төлөнгөн кызматтарга орношууга мүмкүнчүлүктөр жаралды. Андан тышкары, мигранттарыбыз ЕАЭБ жарандарынын деңгээлинде пенсия ала турган болушту. Бул жетишилген макулдашуулар 2018-жылдан тартып күчүнө кирсин деп аракет кылып жатабыз. Мындан тышкары, экономикабызды Евразия биримдигине интеграциялоо боюнча олуттуу иштер аткарылууда. Экспорт үчүн инфраструктура даяр болду – фитосанитардык, ветеринардык көзөмөл тутумун эл аралык стандарттарга шайкеш келтирдик, чек аралардагы лабораториялар менен өткөрмө пункттары жаңыртылды. Казакстан менен чектеш жердеги фитосанитардык көзөмөл алынып салынды», — деп баса белгиледи  Сооронбай Жээнбеков.I28A4033

Ал Кыргызстан Конституцияда белгиленген орус тилинин расмий макамын сактап кала тургандыгын белгиледи. «Россия буга чейин эле биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болуп келген жана мындан ары да боло берет. Кайсы улуттан экендигине карабастан, ар бир кыргызстандык үчүн жашоого жана иштөөгө бирдей шарттар түзүлөт. Биздин биримдигибиз – күчтүү Кыргызстан!», — деп сөзүн жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Даярдоочу: «Айбат Аймак»КФ Токтогул кочосу 196

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 09.10.2017 ж.