Домой Кылмыш Таласта кармалган чиновнитердин үчөө камакта калтырылып, бирөө үй камагына чыкты

Таласта кармалган чиновнитердин үчөө камакта калтырылып, бирөө үй камагына чыкты

67

Кечээ, 11-январь күнү Талас шаардык сотунда шаардык кеңештин спикери Адылбек Жусупбеков, вице-спикер Азиз Ккурмаев жана Талас шаарынын биринчи вице-мэри Максат Байжигитовдун баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, соттун өкүмү менен үчөө 31-январга чейин камакта калтырылды.

Ал эми Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Марат Долдоевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды.

Белгилей кетсек, буга чейин 10-январда УКМК Талас шаарында мэриянын жана шаардык кеңештин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалганы маалым болгон.

Маалым болгондой, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 3-бөлүгү менен козголгон кылмыш иштин алкагында Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында коррупциялык схема аныкталган.

Тактап айтканда, Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Д.М.С. алдын ала сүйлөшүп алып, айрым ишкерлерге муниципалдык жер тилкелерин ижара акысын төмөндөтүп берип, ишкерлерден сый акы алып, муну менен жергиликтүү бюджетке ири өлчөмдө зыян келтиришкен. Ошондой эле, бюджетке түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, жогорудагы коррупциялык схеманын кесепетинен 2020-2022-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджетке 30 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Буга байланыштуу УКМК кызматкерлери Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Д.М.С.ны кармады.