Домой Коом Таласта 9 га алма бак куурап калуу коркунучунда турат (видео)

Таласта 9 га алма бак куурап калуу коркунучунда турат (видео)

11

Талас районунун Бердике баатыр айыл аймагынын Кум-Арык айылында алма бак, чөп өстүргөн дыйкандар суу берилбей, өсүмдүктөр куурап жатканын айтып чыгышты.

Дыйкандардын бири Алтынбек Артыкбаевдин айтымында, 9 гектар жердеги бак куурап калуу коркунучунда турат.

«Биз 5 жыл мурун ушул жерде жер үлүшү бар 9 адам биригип, 9 гектар жерге 27 миң түп, интенсивдүү сорттогу алма тиккенбиз. Алманы малдан коруу максатында курчаганбыз. Азыр жаныбыздагы чөп тиккен дыйкан кошуналарыбыз, алма бак тиккен биз, суу ала албай кыйналып жатабыз. Төө буурчак айдагандар гана алат. Жергиликтүү мурап бак менен чөп тиккендерге берилбейт деп, бизге официалдуу кезек кылып бербей, түндө берип жатат. Алма багыбыз быйыл бүчүр байлап түйүп баштаганда минтип куурап жатат. Жаныбызда 3 гектар жер чөп бар. Ал такыр эле суу ичпей күйүп калды», – деди ал.

Талас облусунун суу чарба бөлүмүнүн жетекчиси Болот Батыркуловдун айтымында, дыйкандар, багбандар сууну ким кайсы убаыктта аларын өз ара чечиши керек.

«Учурда райондук суу чарба бөлүмүнүн жетекчиси ооруканада. Ошон үчүн мага келишкен. Айтып жаткан суу бөлүштүргөн мурап бизге карабайт. Азыр суу тартыш болгон күндө дагы чөпкө суу жок, бакка жок дебей бардык дыйкандар чогулуп, өз ара кеңешип, суу кандай бөлүнөт, кимдер алышат, жыйындын протоколу болуш керек эле. Бул жерде андай жок. Суу тартыш деген күндө дагы алдын ала эскертүү берилет», – деди ал.

turmush.kg