Домой Кырсык Таласта жол кырсыгынан 8 адам мерт болду

Таласта жол кырсыгынан 8 адам мерт болду

170

Кечээ, 15-октябрь күнү Талас районунун Бекмолдо айыл аймагындагы унаа кырсыктан 8 адам мерт болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, жолдо «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу фура кагышкан. Анын кесепетинен «Хонда Степвагондун» 8 жүргүнчүсү каза болду.

ӨКМдин маалыматына караганда, 15-октябрь күнү түнкү саат 22:55 чамасында Талас районунун Кара-Ой айылындагы унаа кырсыктан 7 эркек, 1 аял каза болду.

Маалыматка караганда, кырсык Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 61-чакырымында болгон. Аталган тилкеде «Хонда Степвагон» унаасы менен менен оор жүк ташуучу «ДАФ» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Анын кесепетинен 7 эркек, 1 аял каза болду. Учурда аты-жөндөрү такталууда. Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Талас ОИИБдин маалыматына караганда, 8 адам каза болгон унаа кырсык боюнча иликтөө жүрүп жатат. Кечээ саат 22:42 чамасында Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Талас районунун Кара-Ой айылында жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал жерге ыкчам тергөө тобу чыгып текшерүү жүргүзгөн учурда оор жүк ташуучу «Даф» үлгүсүндөгү унаа менен Бишкектен Талас шаарына келе жаткан «Хонда Степвагон» кагышкандыгы такталган. Натыйжада «Даф» унаанын айдоочусу жеңил жаракат алып, биринчи жардам алып кеткен. Ал эми «Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү каза болгон.

Аталган факты Талас райондук ички иштер бөлүмүндө Жазык кодексинин 297-беренеси (жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) менен катталып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Ал эми Талас облустук ооруканасынын маалыматына караганда, каза болгон 8 адам өлүк сактоочу жайга, ал эми оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу Талас облустук ооруканасына жеткирилген. Ал ж Талас районунун тургуну 1990-жылы туулган А.Н. экендиги такталган. Айдоочу үйүндө дарыланууга чыгарылган.