Домой Саясат Өкмөттүн Талас облусундагы мурдагы өкүлү кызматтан кетүүсү боюнча билдирүү жасады

Өкмөттүн Талас облусундагы мурдагы өкүлү кызматтан кетүүсү боюнча билдирүү жасады

43

Өкмөттүн Талас облусундагы мурдагы өкүлү Айбек Бузурманкулов кызматтан кетүүсү тууралуу социалдык тармактагы баркчасына билдирүү жасады.

“Бүгүн кызматты тапшырып бердим. Саясий чечим болду. Жерүй боюнча карманган позициям себеп болду деп эсептейм. Кыргыз элине кызматымды уланта берем. Алдыда көп иштер бар. 
Эмгек жамаатыма терең ыраазычылык билдирем. Сиздер менен сыймыктанам. Баарыңыздар өз ишин мыкты билген кесипкөй кызматкерсиздер. Баарыңыздарды жакшы көрөм. 
Оор күндөрү колдоп жүргөн баардык тилектештериме, досторума терең ыраазычылык билдирем.
Жакында Жерүйдөгү мыйзам бузуулар, эл аралык таасир, саясий интригалар ж.б. боюнча кенен пресс-конференция берем. 
Садыр Жапаров Нуркожоевичке өлкөбүздөгү оор күндөрү Талас облусуна жоопкерчиликтүү кызматка дайындагы үчүн ыраазычылык билдирем. 
Жаңы облус жетекчисине ийгилик каалайм”, – дейт ал.